Кыргызстандын Акыйкатчысы “Евразия Элдеринин Ассамблеясынын” уюштуруучуларынын онлайн жыйынына катышты

27/05/2020 - 16:19

2020-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы “Евразия элдеринин Ассамблеясынын” уюштуручулары, жетекчилери, достору жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардагы өнөктөштөрү менен онлайн-жолугушуусуна катышты.

Токон Мамытов онлайн иш чаранын катышуучуларын Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы жана “Евразия Элдеринин Ассамблеясынын” түзүлгөндүгүнүн 3 жылдыгы менен куттуктады, ошондой эле Ассамблеяга мүчө өлкөлөргө жана дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттерге COVID-19 коронавирус пандемиясын тез арада жеңүүнү жана ушундай оор социалдык-экономикалык жана саясий мезгилден ийгиликтүү чыгууну каалады.

Бул майрамдык жана достук онлайн жолугушууга катышкандар: "Евразия Элдеринин Ассамблеясынын" (мындан ары - Ассамблея) Башкы катчысы, Евразия Өнүктүрүү Банкынын Башкармасынын Төрагасы, “Достояние России” фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы, экономика жана саясий илимдердин доктору Андрей Бельянинов; жолугушуунун демилгечиси - Ассамблеянын башкы кеңешинин теңтөрагасы, “Франко-Россия Диалог” Ассоциациясынын Вице-президенти Бернар Лозе; Жолугушуунун демилгечиси - Ассамблеянын башкы кеңешинин теңтөрагасы, Индиянын Улуттук Конгрессинин улуттук катчысы, “Саясат жана Башкаруу Фондунун” Президенти Далбир Сингх; Ассамблеянын башкы кеңешинин теңтөрагасы жана Россиянын дипломаттарынын ассоциациясынын кеңешинин төрагасы Игорь Халевинский; Ассамблеянын эксперттик кеңешинин төрагасы, Экономикалык стратегиялар институтунун башкы директору, экономика илимдеринин доктору, профессор жана Россия Илимдер академиясынын эксперти Александр Агеев; Сербиянын патриоттук “Биздин Сербия”, “Серб коду” ”уюмдарынын негиздөөчүсү Младжан Джорджевич; Азия тарыхчыларынын эл аралык ассоциациясынын президенти, «SHA-International Ratings Center КМШ, ШКУ  жана БРИКС» эл аралык рейтинг агенттигинин башкы консулу Станислав Королев; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов; "Маданият аркылуу тынчтык" эл аралык ассоциациясынын президенти, "Рухий Келишим Конгресси" эл аралык коомдук фондунун Президенти, Бүткүл Дүйнөлүк руханий маданий форумунун теңтөрагасы (Казакстан) Толеген Мухамеджанов; Башкортостан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары, Ассамблеянын Башкортостан Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Андрей Назаров; RATM холдингинин президенти, Новосибирск регионалдык футбол федерациясынын президенти Эдуард Таран; Башкы катчынын биринчи орун басары - Ассамблеянын Башкы катчылыгынын башчысы, Россия элдер ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, саясий илимдердин доктору Светлана Смирновалар болду.

Мындан тышкары, жолугушууга кыргыз тараптан "Кыргызстан калктарынын Ассамблеясы" кеңешинин мүчөлөрү - Валерий Цой, Зухра Шидакова, Валентина Лисниченко жана Александр Степанюк катышты.

Иш чараны Россия элдер ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, саясий илимдердин доктору Светлана Смирнова алып барды.

Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында Россия, Кыргызстан жана Сербия Республикасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Россия тарап "Евразия Элдеринин Ассамблеясын" түзүү демилгесин көтөргөн. Ассамблеянын биринчи уюштуруучу курултайы 2017-жылдын 27-майында өткөн. Ага дүйнөнүн 67 өлкөсү катышкан. Эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн “Евразия Элдеринин Ассамблеясы” уюмунун башкы катчысы болуп, “Достояние России” фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы Андрей Юрьевич Бельянинов шайланган болчу.