"115 шыр байланыш телефону" күнү-түнү жана үзгүлтүксүз иштейт

01/06/2020 - 16:14

Айрым социалдык тармактарда республиканын айрым укук коргоочулары Камил Рузиев аттуу жаран кармалганда, алар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун алдындагы “115 шыр байланыш телефонуна” чалып, ала алган жокпуз-деген маалыматты таркатышкан.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы бул маалымат туура эмес экендигин билдирет. Себеби, 2020-жылдын 30-майында, саат 14.22де, 0708-206-ХХХ телефонунан өзүнүн ысымын атабаган аял "115-шыр байланыш кызматына" чалып, "2020-жылдын 29-майында, саат 20:00 чамасында укук коргоочу К. Рузиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 48 саатка кармалды. Учурда ал жардамга муктаж »-деп билдирген. Чалууну “115 шыр байланыш кызматынын оператору А. Алымова кабыл алган. Ал чалган аялга К. Рузиевдин укуктары бузулуп жатса, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылуусун айткан. Себеби, К. Рузиев ошол аймакта кармалган. Бул сүйлөшүү Oktell программасы аркылуу жазылып алынган жана 2020-жылдын май айында келген чалуулар журналына да түшүрүлгөн. “115-шыр байланыш кызматы” күнү-түнү жана үзгүлтүксүз иштеп жатканын  дагы бир ирет эсиңиздерге салабыз.