Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери Военно-Антоновкадагы балдар үйүндөгү тарбиялануучуларга барып жолугушту

01/06/2020 - 15:51

1-июнда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары,  Балдар Акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Гульнара Жамгырчиева ошондой эле Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, Свердлов райондук  ички иштер башкармалыгынын Жашы жетелектер менен иштөө ипспекциясынын кызматкерлери менен бирдикте, Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында жайгашкан  Балдар мекемесине  барышып, тарбиялануучуларды жана тарбиячыларды 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттукташты. Ошондой эле балдар мекемесинин тарбиялануучуларына «Альтернатива»  үй-бүлөнү калыбына келтирүү  борборунун директору Р.Абдрайимова куттуктоо сөзүн сүйлөп, балдардын ойлогон ой, максаттарынын ишке ашуусун каалады.

Балдарды куттуктап жатып, Гульнара Жамгырчиева аларга кең келечек, жаркын жашоо, окууларына албан ийгилик, чың ден соолук, ишенимдүү досторду жана турмушта өз жолдорун  табууну каалады. Расмий бөлүк аягына чыккан соң, белектер таркатылып, балдар спорттук инвентарларды, мектепке керектүү каражаттарды, канцелярдык товарларды, футболка, бейсболкаларды алышты. Белектерди алууга «Альтернатива»  үй-бүлөнү калыбына келтирүү  борбору жана «Бир дүйнө – Кыргызстан» коомдук бирикмеси демөөрчүлүк кылды.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Акыйкатчынын өкүлдөрү балдар-үйүнүн  тарбиялануучулары менен жакындан таанышып, алардын эмгектеринин көргөзмөсүн көрүшүп, балдар үйүнүн кызматкерлерине ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга болгон сүйүүсү, камкордугу жана жылуулугу үчүн ыраазычылык билдиришти.