Акыркы учурларда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын интернет-кабылдамасы аркылуу келип түшкөн жалган билдирүүлөр көбөйдү

02/06/2020 - 15:49

Акыйкатчы аппаратынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын интернет-кабылдамасы аркылуу (Ombudsman.kg расмий сайтында) келип түшкөн кайрылууларды текшерүү учурунда тастыктоолорду таппай калган учурлар т.а. жалган маалыматтар орун алууда.

Мисалы, арыз ээси А.К. соттолуп, №27 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан М.К.нын укуктары бузулгандыгын билдирген. Төмөндө анын катынын текстин толук бойдон өзгөртүүсүз беребиз:

Саламатсызбы. Мен ушул маалыматты текшерип берүүнү суранам. Ошондой эле менин атым ачыкка чыкпашын каалайм.Молдовановкадагы  №27 колонияда 200дөй адамда короновирус белгилери бар деген маалыматтар бар. 50 адам медициналык бөлүктө жатышат, анализ алуу кымбат үчүн аларга эч ким барбай жатыптыр.Албетте, ал жакта кылмышкерлер, бирок 30-40% соттолгондор күнөөсүз отурушат, ким болгон күндө да алардын ар бири- адам. Ошондой эле күнүгө алар менен иштешкен аз эмес кызматкерлер бар, а ал кызматкерлердин үй-бүлөсү, балдары бар, алар жуктуруп алса эмне болот?! Ал жакта 7кызматкер короновирус диогнозу менен жатышат, а расмий маалыматтар боюнча эки же үч деп айтылат.  Андыктан силерден сураныч, аталган колониядагы бардык соттолгондорго жана кызматкерлерге жардам бериңиздер”,-дейт А.К.

 Бул маалымат алынгандан кийин Акыйкатчы аппаратынын адистештирилген бөлүмүнүн кызматкерлери токтоосуз 27-түзөтүү колониясына жеринде текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти. Бирок, аталган мекемеге келип, колония жетекчилиги менен сүйлөшкөндөн кийин, №27 мекеменин ГИПи СУ тастыктоочу-маалыматына ылайык, М.К. аттуу адам соттолгондордун тизмесинде жок болгон. Бошотулгандардын арасында дагы мындай инициалдагы (ФИО) адам болгон эмес. 

 Мындан тышкары, 2020-жылдын 19-майынан 1-июнуна чейин Медициналык-санитардык бөлүктүн маалыматы боюнча, курч респиратордук оору, ошондой эле бронхит жана курч респиратордук вирустук инфекция менен 25 адам келип түшкөн, алар тийиштүү кароодон өтүшкөн,( рентгенден өтүшкөн, какырык анализдери алынып,  натыйжасы “терс” деп чыккан ), дарылануу жакшы жыйынтыкты берген.

Өнөкөт пиелонефрит, өнөкөт гастрит ж.б. ушул сыяктуу башка оорулар менен 17 адам түшкөн, алардын бардыгына тиешелүү дарылоо дайындалып, динамикада жакшыруу байкалат.

01.06.2020 жылга карата курч респиратордук вирустук инфекциялар жана айрым соматикалык оорулар диагнозу менен 12 адам 27-ТКда медициналык бөлүктө дарыланып жатышат. Алардын акыбалы канааттандырарлык.

 №27 ТК кызматкерлери 2020-жылдын 15-майында COVID-19 короновирусуна карата кароодон өтүшкөн. Эксперсс-тест методу менен 88 кызматкер текшерилип, алардын ичинен 7  кызматкердин анализи “шектүү” чыгып, ошондуктан алар жумушунан четтетилип, ПЦР тесттен кайрадан текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөтүлгөн,  калган 81 адамдын тест жыйынтыгы “терс” чыккан.

Кайталап ПЦР-анализ тапшырган учурда, 7 кызматкердин  ичинен 6  кызматкердин анализи “терс”, бирөөнүкү “оң” чыккан. Вирус жуктуруп алган кызматкер обсервацияга алынып, учурда анын акыбалы канаттандырарлык деп бааланып, үйүнө чыгууга даярдалып жатат.

Атайынконтингенттин арасында жогорудагы диогноз менен ооругандар жок. 

 Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, эске салабыз: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 10-беренесинин 15-пунктуна ылайык,  Омбудсмен (Акыйкатчы) тоголок арыз даттанууларды карабайт жана кара ниеттүү, жүйөө себепсиз, дооматсыз даттанууларды, ошондой эле карап чыгуу үчүнчү жактардын мыйзамдык укуктарына зыян келтирүүчү башка даттанууларды четке кага алат. Анын чечимине даттанууга болбойт.