Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппараты Азимжан Аскаровдун жактоочуларын маалыматтарды чогултууда жана талдоодо кылдат көңүл бурууну суранат

04/06/2020 - 15:43

2020-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарынын Административдик Соту өмүр бою эркиндигинен ажыраган Азимжан Аскаровдун доо арызын карай баштады. Ал БУУнун Адам Укуктары боюнча комитетинин чечимин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө доо арыз берген.

Тактап айтканда, 2016-жылы БУУнун аталган комитет "Аскаров түрмөдө кыйноого алынган жана медициналык жардам алуу укугунан жана акыйкат сот жараянынан ажыратылган" деген тыянакка келген, ошол себептен  Кыргыз бийлигине бир катар талаптарды койгон.

Соттолгон А.Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жогоруда айтылган чечимин аткарууну суранып 2019-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевге, ошондой эле адам укуктарын коргоо боюнча региондук жана эл аралык уюмдарга, жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарына ачык кайрылуу жолдогон.

А. Аскаровдун  жактоочулары Хусанбай Салиев жана Валерьян Вахитов бийлик эл аралык документтердин талаптарын аткарбай жатышат –деп эсептешет. Ошентип, Бишкек шаарынын Административдик сотунун отурумунда адвокат Хусанбай Салиев белгилегендей, 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин бир дагы сунушун аткарган жок. Мындан тышкары, ал Кыргызстан кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазага каршы Конвенцияга  ошондой эле жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошулуп, бир катар милдеттенмелерди өзүнө алгандыгын эскертти.

Мындан тышкары, А.Аскаровдун жактоочулары тарабынан  "алар жактаган адамдын кайрылуусун Өкмөттүн министрлер кабинетинин курамына кирбеген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын аппаратына багыттап койгон" деген нааразычылык болгон. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын институту А.Аскаровдун кайрылуусу жөнүндө көчүрмө же башка маалымат Өкмөттөн алынбаганын  расмий түрдө билдирет. Андан тышкары, А.Аскаровдун өзүнөн да Акыйкатчынын дарегине кайрылуу  түшкөн эмес. Анын кайрылуусунун көчүрмөсүн «Бир Дүйнө – Кыргызстан»  укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Акыйкатчы аппаратына (электрондук почта аркылуу, маалымат иретинде гана) берген.

А.Аскаров бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына  жеке кайрылбаганына карабастан, Акыйкатчы институту өз демилгеси менен кароого кабыл алып, А.Аскаровго Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү жоопту 2019-жылдын 4-декабрында берген.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы  Институту “Адам укуктары боюнча федерация” (FIDH) эл аралык уюмунун өкүлдөрүнө өмүр бою эркиндигинен ажыраган А.Аскаров менен жолугушууга көмөк көрсөткөн.

Андан мурдараак, 2017-жылдын январында, “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюмунун жетекчиси Т.Исмаилованын кайрылуусу боюнча, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А.Аскаровду №1 ТИЗОдон  №47 түзөтүү колониясына дарылануу үчүн которууну суранган.

А.Аскаров №1 ТИЗОдон  19-ТК которулгандан кийин Акыйкатчы аппараты ага жылуу кийим, тамак-аш жана керектүү дары-дармектерди тапшырууга жардам берген. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери А.Аскаровдун кылмыш иши боюнча соттук бардык отурумдарга катышып, мониторинг жүргүзүшкөн. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов А. Аскаровдун аялын жеке кабыл алып, аны менен маектешип, анын жүйөөлөрүн жана даттанууларын уккан.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты А.Аскаровду коргоо боюнча ошондой эле Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды кылдаттык менен чогултууга жана талдоого чакырат.

Эске салсак, 2010-жылдын 15-сентябрында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду башаламандыктарды уюштурууга жана адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. 2017-жылдын 24-январында Чүй облустук соту жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап, бирок жыйынтыгында мурунку чечимди күчүндө калтырган. 2020-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту А.Аскаровдун өмүр бою эркинен ажыратуу жөнүндөгү соттун чечимине карата аппеляциясын карап, мурунку инстанция чыгарган өмүр бою эркинен ажыратуу  өкүмүн күчүндө калтырган.