КР Акыйкатчы аппараты: "Хадича Аскарованын айыптоолору чындыкка коошпойт жана жалган жалаа болуп саналат"

10/06/2020 - 15:31

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук соту тарабынан массалык башаламандыктарды уюштургандыгы жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар-деп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Акыйкатчы аппаратынын кайрылуусуна жооп кылып, Акыйкатчыны жалганчы –деп айыптап, “... сиз же сиздин аппарат мени кимдир-бирөөлөр менен чаташтырып жатасыңар, мен сизге расмий билдирем: сиз мени эч качан кабыл алган жоксуз.

Сиз экөөбүз жекече да, бирөөлөр менен бирге да жолугуп жана  сүйлөшкөн эмеспиз”-деп билдирген “ачык кайрылуусуна” байланыштуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет: 
Хадичи Аскарованын мындай айыптоолору чындыкка коошпойт жана жалган жалаа болуп саналат. Азимжан Аскаровдун аялынын "унутуп калуусунун" себебин тактап-аныктап отурбастан,  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты 
“Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилованын өтүнүчү боюнча 2019-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кеңсесинде  Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмүнүн бир катар кызматкерлери 2019-жылдын 19-мартында аны менен болгон жолугушуусун эске салат.  
Укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн  (Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмү) кызматкерлери -Нуржигит Сулайманов жана Айзада Исмаилова, Акыйкатчы аппаратында Хадича Аскарова менен жолуккандан кийин Т. Б. Мамытовдун тапшырмасы менен аны кызматтык унаа менен (мам. №01KG 898АА, айдоочу Ч. Керимбеков) кеңседен ( Бишкек ш. Тыныстанов №120 көчөсүндө жайгашкан) Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 ТК жеткирген. Ал жакка жолдошу Азимжан Аскаров   “Бир Дүйнө-Кыргызстан” ” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилованын кайрылуусунун негизинде Т. Мамытовдун тиешелүү кайрылуусунан кийин №1ТИЗОдон которулган. 
Ошондой эле Хадича Аскаровага ошол сапардын чоо-жайын эскертебиз:
№19 түзөтүү колониясында аны күйөөсү А.Аскаров 1-ТИЗОдон жаңы которулуп,  карантинге алынгандыктан, жекеме-жеке жолугушууга уруксат берилген эмес. А. Аскаров менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн колониянын жетекчилиги Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине гана бере алган. Нуржигит Сулайманов жана Айзада Исмаилова соттолгон А.Аскаров менен жолугуп, ага аялы чогулткан кийим-кече, азык-түлүк ж.б. буюмдарын  тапшырып, ал маалда аялы Хадича Аскарова кызматкерлер менен бирге келип, №19-ТК алдында күтүп турганын маалымдашкан.  Мындан тышкары, Акыйкатчынын өкүлдөрү А.Аскаровго аялына берүү үчүн  керек болгон нерселердин тизмесин жаздырып алышкан. 
Ошондой эле,  Азимжан Аскаровдун аялына, эгерде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы менен жеке жолугушууну кааласа, ага зарылдык болсо, анда өзүнө ыңгайлуу учурда келип, Акыйкатчы менен жолуга аларын маалымдайбыз. 
P.S  Сот өз өкүмүн чыгарып, ал күчүнө киргендиктен,  кайрылуунун жана дооматтардын айрым бөлүктөрүн жоопсуз калтырабыз.