Кармалган адамдарды медициналык кароодон өткөрүүнүн бирдиктүү формасы КР Акыйкатчы Институтунун жана бир катар укук коргоо уюмдарынын демилгеси боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилди

11/06/2020 - 15:28

Кармалган адамды ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына  алып барганда медициналык кароонун тартибин жөнгө салуучу нускаманы жана медициналык кароо формасын КР Саламаттык сактоо министрлиги бекитти.

Эске салсак, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту “Голос свободы” коомдук фонду менен биргеликте Кыргызстандын ички иштер бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларын жана тергөө изоляторлоруна бир катар мониторинг жүргүзүшкөн болчу.

Бул мониторингдердин жүрүшүндө аныкталгандай,  Убактылуу кармоочу жайларга киргизилүүчү жарандарга саламаттык сактоо тутумунун дарыгерлери тарабынан ар кандай маалымкаттарды берүү (бекитилген үлгүсү жок) Кыргызстан үчүн  олуттуу маселе экендиги аныкталган.

Алып айтканда, бул маалымкаттарда кармалган “баланча, түкүнчө” медициналык кароодон өттү жана УКЖда кармоого мүмкүн деген гана маалымат жазылып, медициналык күбөлөндүрүү кандай  усулда жүргүзүлдү, ошондой эле кармалган адамдын физикалык абалын аныктоо үчүн кандай медициналык аракеттер болгону көрсөтүлчү эмес.  

Мындан тышкары, ушундай мониторингдердин натыйжасында,  кармалган жарандарды кыйноонун он фактысы ачыкталып,  аларды медициналык күбөлөндүрүүдө дарыгерлер зомбулук жана кыйноолорду каттоочу атайын формаларды колдонушкан эместиги, натыйжада прокуратура органдары бул фактылар тууралуу  маалымдалбаганы белгилүү болгон.

Ушуларга байланыштуу 2019-жылдын 16-октябрында  КР Акыйкатчы аппараты тарабынан КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин ошондой эле башка ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө Акыйкатчы Токон Мамытов, учурда республикабызда кармалган адамдарды КР ИИБ убактылуу кармоочу жайларына  киргизүүнүн алдында  бирдей жол-жоболордун жана медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү формасынын жоктугунан улам бир катар көйгөйлөр жана маселелер чыгып жатканын ортого салган.  

Бул жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасында ведомстволор аралык атайын комиссия түзүп, ал комиссия КР ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилүүчү адамдардын саламаттыгын күбөлөндүрүүчү  бирдиктүү медициналык форманы түзүү, ошондой эле эрежелерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу каралган.  Акыйкатчы ошондой эле, КР Саламаттык сактоо министрлигине бул топту түзүү, анын катарына Ички иштер министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун, КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрүн, адвокаттарды жана адам укуктары чөйрөсүндөгү  эксперттерди кошууну  жана анын ишин жөнгө салуу ыйгарымдарын берүүнү сунуштаган.

Бул жумушчу топтун ишмердигинин жыйынтыгында, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан “Кармалган адамды КР Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жеткирүүдө медициналык кароодон өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы жана бардык кармалгандарды УКЖга жеткирүүдө  медициналык кароо жүргүзүү үчүн бирдей форманы бекитүү жөнүндө” буйрук чукты.