Өмүр бою эркинен ажыраган жаран №1 ТИЗО дарыгерин "С" гепатитин атайылап жуктурган деп айыптоодо

15/06/2020 - 15:17

Ушул жылдын 15-июнунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратына соттолуп №1 ТИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан (өмүр бою эркинен ажыраган) И. К. (1984-ж.) аттуу жарандан арыз кат келип түшкөн.

Буга чейин, соттолгон И.К. ушул жылдын 11-мартында Акыйкатчы институтуна кайрылган. Анын кайрылуусу тиркелген Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү каты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, тийиштүү кат Кыргыз Республикасынын Атайын Прокурору А. Молдокматовдун атына соттолгон (өмүр бою эркинен ажыраган) И.К.нын бул билдирүүсүн тыкыр текшерип, анын натыйжаларына ылайык, зарыл болгон административдик чечимдерди кабыл алуу өтүнүчү менен жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообунда: “Соттолгон И.К. “В жана С вирустук гепатит” оорусуна байланыштуу кайрылган каты боюнча азыркы учурда COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалына байланыштуу медициналык документтерди изилдөө менен бирге медициналык кароодон өткөрүү үчүн адистерди киргизүүгө мүмкүн эмес экендигин билдиребиз. Эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин, вирустук гепатит менен ооруган адамдын жүрүм-турум тактикасын аныктоо жана консультация берүү үчүн адис бөлүнөт”-деп маалымдалган.

09.06.2020-жылы кайталап жазган кайрылуусунда И.К. “№1 ТИЗОнун дарыгери “С” гепатитин атайылап жуктурган”-деп билдирген. Бирок, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын комиссиясы бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп, арыз ээсинин пикиринде,  адилетсиз корутунду чыгарып, №1 ТИЗОнун дарыгеринин пайдасына чечип берген. Буга байланыштуу, мен үч күндөн кийин кургак ачкачылык жарыялоого аргасызмын-деп жазылат катта. №1 ТИЗОнун жетекчилиги бул катты өздөрүнүн коштомо каты менен бирге Акыйкатчы институтуна 2020-жылдын 10-июнунда жөнөткөн.

Бул арыз түшкөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратында №1 ТИЗОго тармактык бөлүмдүн кызматкерлерин арыздануучу менен жолугуу, арызын ошол жерден текшерүү үчүн жиберүү чечимин кабыл алган. Андан тышкары, аппараттын өкүлдөрү №1 ТИЗОнун жетекчиси К. Калмаматов менен байланышканда, ал өмүр бою эркинен ажыраган И.К. 2020-жылдын 10-июнунда мекеме жетекчилери менен сүйлөшкөндөн кийин ачкачылык кармоону  токтотконун маалымдаган. Учурда аталган арыздануучунун ушул эле катын текшерүү үчүн №1 ТИЗОго Атайын прокуратуранын өкүлү келиши күтүлүүдө. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов соттолгон И.К.нын ден-соолугунун абалын комплекстүү экспертизадан өткөрүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана КРӨ караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына кайталап кайрылуу жөнөтөт.