КР Акыйкатчысы №50 ТИЗОнун КР Жазык-аткаруу кодексинин талаптарын бузган жетекчилиги жана айрым кызматкерлери жазаланышы керек деп эсептейт

19/06/2020 - 15:11

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы КР Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине, ошондой эле Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурага кайрылып, Кыргыз Республикасынын Кыйноолор  жана башка катаал, адамгерчиликсиз же ар-намысты басмырлаган мамилени алдын алуу Улуттук борборунун эксперттери тарабынан соттолгон Э. Кимсанов менен жолугушуусунда анын алган жаракаттары сүрөткө тартып алууга жолтоо кылгандыгы үчүн №50 ТИЗО администрациясына жана кызматкерлерине тартиптик жоопкерчиликке тартууну өтүндү. Акыйкатчы бул факты КР жазык-аткаруу кодексинин ченемдерин одоно бузган деп эсептейт.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 43-беренесине ылайык,  “Коомдон обочолонууга байланыштуу жазаларды жана жазык мыйзамынын мажбурлоочу чараларын жүзөгө ашыруучу мекемелерге барууга атайын уруксаты жок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын чегинде Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлери  бара алышат”.

Бул беренеде ошондой эле, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана Кыйноолордун алдын-алуу улуттук борборунун кызматкерлери түзөтүү мекемелеринде соттолгондорду киного-, фото- жана видеого тартууга, анын ичинде аудио-, видеотехниканы колдонуу атайын уруксатсыз жүргүзүлөт-деп айтылат.