Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөсүнө байкоо жүргүзүшөт

19/06/2020 - 15:01

2020-жылдын 21-июнунан 25-июнуна чейин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана региондук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында жана региондордо республикалык тестирлөөгө мониторинг жүргүзүшөт. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов кол койду.

Акыйкатчынын өкүлдөрү дээрлик жыл сайын тесттин жүрүшүн көзөмөлдөп турушат. Мониторингдин негизги максаты – бүтүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо, тестирлөө процессинде ачыктыктын жана объективдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуу.

Быйыл байкоочуларга өзгөчө тапшырмалар берилген, алар жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө CoViD-19 пандемиясынын учурунда коопсуздук чараларына байланыштуу билим берүү мекемелериндеги санитардык-карантиндик стандарттардын сакталышын  да көзөмөлдөшөт.

Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун кызматкерлери укук коргоочуларга 2020-жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн өзгөчөлүктөрү, ЖРТ өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маалымат беришти.

Эске салсак, быйыл 117 тестирлөө борбору уюштурулуп, тестирлөөгө катталгандардын саны 41727 бүтүрүүчүнү  түзгөн.