Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери бүтүрүүчүлөрдүн республикалык тестирлөөсүнө көзөмөл жүргүзүүгө киришишти

21/06/2020 - 14:52

Мурда маалымдалгандай, 2020-жылдын 21-июнунан 25-июнуна чейин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчынын борбордук аппаратынын жана региондук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарында жана региондордо республикалык тестирлөөгө мониторинг жүргүзүшөт. Мониторингдин негизги максаты – бүтүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоо, тестирлөөнүн ачыктыктын жана объективдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуу.

Быйыл байкоочуларга өзгөчө тапшырмалар берилген, алар жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө CoViD-19 пандемиясынын учурунда коопсуздук чараларына байланыштуу билим берүү мекемелериндеги санитардык-карантиндик стандарттардын сакталышын көзөмөлдөп турушат.

 Акыйкатчынын өкүлдөрү жеринен белгилегендей, бүгүнкү күндө дарыгерлердин жана укук коргоо органдарынын макулдашылган иши уланып жатат. Социалдык-коопсуз аралыкты бирдиктүү мамлекеттик экзамендин катышуучулары жана байкоочулары сактап жатышат.