Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты жана "Голос свободы" коомдук фонду шахмат боюнча биринчи онлайн мелдеш өткөрдү

26/06/2020 - 14:46

Жыл сайын, 30 жылдан бери 26-июнь -Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү деп белгиленет. Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазага каршы Конвенция 1987-жылы күчүнө кирген. Бүгүнкү күндө Конвенцияны дүйнөнүн 162 өлкөсү ратификацияланган. Кыргызстан эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын толук кандуу мүчөсү катары, өлкөдө кандай гана кыйноолор болбосун мыйзамсыз деп тааныйт жана ар бир факты бийликтин ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан иликтенет. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты жыл сайын кыйноолордон жапа чеккен адамдардан 50дөн ашуун билдирүүлөрүн кабыл алат, алардын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата, (көбүнчө милиция кызматкерлери) республиканын кармалган же айыпталган жарандарды кыйнаган мыйзамга каршы иш- аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартууну суранышат.

2019-жылы Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан "кыйноо" беренеси боюнча 157 арыз катталган. Акыйкатчы институту кыйноолордун жана катаал мамилелердин фактыларына жол бербөө жана натыйжалуу жооп кайтаруу максатында, эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларда жарандык укук коргоо уюмдары менен биргеликте үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат. Мындан тышкары, ушул жылдын 24-25-июнь күндөрү, кыйноолорго каршы күрөшүү темасын кеңири жайылтуу жана бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты, "Голос свободы" коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясы коомдук бирикмеси шахмат боюнча биринчи онлайн турнирин өткөрүштү (күйөрмандардын арасында). Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан тышкары, беш жылдан ашык убакыттан бери кыйноолордун курмандыгы болгон уулдарынын укугу үчүн күрөшүп келе жаткан эки энеге "Бузулган укуктарды калыбына келтирүүдө туруктуулугу үчүн” диплому тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту жана «Голос свободы» коомдук фонду Ынтымакова Клара Жумаевнага жана Марченко Наталья Ивановнага диплом тапшырышты.