Кыргызстандын Акыйкатчысы Бишкек шаарындагы соттордон психикалык жактан ооруган Акжоловго байланыштуу жалпы чечим кабыл алууну өтүндү

08/07/2020 - 14:39

"Милициянын полковниги А. Акжоловдун укугун коргоо боюнча комитеттин" өкүлдөрү -төрага  А. Кошоев, Ички иштер министрлигинин мурунку министринин орун басары О. Эгембердиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты Н. Аркабаев Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылышып, А. Акжоловдун сот тарабынан атайын камакта кармоо режими аныктоо маселесин чечүүгө жардам берүүнү суранышты.

Эске салсак, мурдараак Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратына Чым-Коргон айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканасында мажбурланып дарыланып жаткан А. Акжолов боюнча анын туугандары  кайрылышкан.

Жогоруда аталган Комитеттин өкүлдөрүнүн бул билдирүүсүнүн маңызында, Бишкектеги эки соттун А. Акжоловдун дарылануусу кандай өтүш керектигин  аныктаган эки башка чечими  боюнча айтылат. Анда биринде, дарылоо "кадимки" режимде, экинчиси - "күчөтүлгөн" режимде жүргүзүлүшү керек делет. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын эки сотунун судьялары бул маселе боюнча бир бүтүмгө келе албай жатышат.

Тактап айтканда, 2019-жылдын 24-сентябрында бейтап А.Акжоловго, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечимине ылайык, "кадимки режимде" дарылануу дайындалган. Бирок, бир айдан кийин, 2019-жылдын 11-октябрында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чечим чыгарып, ага ылайык бейтап А.Акжоловду дарылоону "күчөтүлгөн режимде" жүргүзүү керек деген.

Андан кийин, 2019-жылдын 20-декабрында, Ленин райондук соту, Чым-Коргон а. РПОнын эксперттеринин корутундусун карап чыгып,  А. Акжоловду амбулатордук дарыланууга которуу жөнүндөгү өтүнүчтөн баш тарткан. Андан бир жума өткөндөн кийин - 2019-жылдын 27-декабрында – Биринчи май райондук соту өзүнүн 2019-жылдын 11-октябрындагы чечимин кайрадан карап чыгып, А. Акжоловду "кадимки режимге" өткөрүп, аны жумшарткан.

Бирок, 2020-жылдын 29-январында, Бишкек шаардык соту ушул жагдайды карап чыгууга катышкан жана ошол эле күнү карама-каршы эки аныктама чыгарган: биринчиси - Ленин райондук сотунун 2019-жылдын 20-декабрындагы чечимин күчүндө калтырган, экинчиси – Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 27-декабрындагы А. Акжоловду "кадимки режимде кармоо режимине" дайындоо жөнүндө чечимин жокко чыгарган.

Натыйжада, А. Акжолов конкреттүү дарылана албай келет.  Чым-Коргон айылында жайгашкан РПОнын медициналык кызматкерлери түшүндүргөндөй, алар "бул бейтапка кандай өзгөчөлүгү жана кандай тартипте кармап  жана кандай медициналык жардам көрсөтүү керектигин билбей  жатышат: биринчи жарым күн “күчөтүлгөн тартипте", ал эми күндүн экинчи  жарымында " кадимки тартиптеби" же тескерисинчеби?"

Учурдагы кырдаалга байланыштуу, ошондой эле КР ЖПКнин 118-беренесинин 3-пунктуна ылайык, “Жазык куугунтугун токтотуу, тергөөнүн мөөнөттөрүн узартпоо бөгөт коюу чарасын токтоосуз өзгөртүүгө алып келет. Бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жазык өндүрүшүндө жазык иши бар органдын токтому боюнча жүргүзүлөт”. Акыйкатчы Бишкек шаардык сотунун судьяларына, ошондой эле Ленин жана Биринчи май райондук сотторуна кайрылып, алардын юрисдикциясындагы А. Акжоловго байланыштуу иштерин бириктирүү мүмкүнчүлүгүн караштырып, алардын бардыгы А. Акжоловду акыл-эси кем  деп тааныгандыктан,Чым-Коргон айылындагы РПОда кандай тартипте дарылануусу боюнча гана жалпы чечим кабыл алуусун суранды.