Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргызстан калкынын ассамблеясынын ревизиялык комиссиясынын төрагасы Цой Валерий Павловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат

10/07/2020 - 14:36

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Мамытов жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты Евразия элдеринин ассамблеясынын ревизиялык комиссиясынын мүчөсү, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын ревизиялык комиссиясынын төрагасы Цой Валерий Павловичтин күтүүсүздөн жана мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына, досторуна, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Валерий Павлович чынчыл жана адептуу адам катары, жакшы дос, өз ишинде мыкты адис жана Кыргызстандын чыныгы патриоту катары биздин эсибизде түбөлүк сакталат. Биздин Мекенибиз - Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана бекемделишине анын кошкон салымы көп жана баа жеткис! Анын өлүмү-үй-бүлөсү үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн оор жоготуу. Биз Валерий Павлович жакшы көргөн, дос, санаалаш, пикирлеш, насаатчы жана жөн гана жолдош болгон адамдардын бардыгы менен бирге аза тартып турабыз.

Анын жаркын жана боорукер элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен)

Т. Мамытов