Коронавирус пандемиясы учурунда Акыйкатчы аппаратында толук кандуу иш жүрдү жана жарандардын кайрылуулары менен иштөө бир күнгө да токтогон жок

05/08/2020 - 11:13

CoViD-19 коронавирус пандемиясы учурунда Акыйкатчы аппаратынын бардык түзүмдүк бөлүктөрү өз иш-милдеттерин аткарышты. Атап айтсак, март айынан 31-июлга чейин жарандардын 283 арызы каралды. Алардын ичинен 190 кайрылууда сот отурумдарына мониторинг жүргүзүү өтүнүчү камтылган эле..Бул өтүнүчтөрдүн 70 пайызы канааттандырылды (аппарат кызматкерлери сот отурумдарына катышышты.). Калган 30 пайызы боюнча сот отурумдары ар кандай себептер боюнча  болгон эмес, бирок ал кайрылуулар Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Мындан тышкары, аталган 283 арыз боюнча ар кайсы инстанцияларга 355  каттар жолдонгон жана алардын арыздарын кароонун натыйжасында арыз ээлерине 264 жооп жөнөтүлгөн. Ошондой эле жарандардын бузулган укуктарын тикелөө максатында КР Акыйкатчысынын 4 Көңүл буруу актылары мамлекеттик ар кайсы органдарга айрым судьялар тарабынан кетирилген процессуалдык укуктарды бузуулар боюнча  жөнөтүлдү.

Республиканын сот органдарында коронавирус илдети менен ооруп калуулардын динамикасын жана өлкөнүн тергөө изоляторлорунда CoViD-19 толкуну чыгып кетиши мүмкүндүгүн эске алуу менен КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын наамына кат жолдонгон, анда бардык деөгээлдеги соттордо судьялар тарабынан  кармалгандарга бөгөт коюу чарасын тандоодо же тергөөдөгүлөргө бөгөт коюу чараларын узартууда видео-конференц каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталган.  .

КР Жогорку сотунан алынган жоопто, 2020-жылдын 7-июлунан тартып Бишкек шаарындагы соттордо сот отурумдары видеоконференц байланышы аркылуу өтүп жатканын, бул  бул процесстин катышуучуларынын топтолушун минималдаштырып, CoViD-19 жайылышынын алдын алууга шарт түздү.  Жогорку соттон маалымдашкандай, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте айыпталуучуларды, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды суракка алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн маалымдашты.   .

КР Акыйкатчы аппараты CoViD-19 пандемиясынын учурунда тармактык бөлүмдөрдүн аткарган иштери тууралуу калкыбызга жана ММК өкүлдөрүнө маалымат берүүнү улантат.