“Кыргызстандын публикалык дискурсунда ыдык көрсөтүү (дискриминациялоо) жана жек көрүү” аталыштагы пилоттук изилдөөсүнүн бет ачары өткөрүлдү

25/08/2020 - 10:35

Бүгүн, 24-августта “Тең укуктуулук үчүн Коалиция” уюму Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине “Кыргызстандын публикалык дискурсунда ыдык көрсөтүү (дискриминациялоо) жана жек көрүү”  аталыштагы  пилоттук изилдөөсүнүн бет-ачарын өткөрүштү.

Изилдөөнүн натыйжаларынын бет ачарына КР Акыйкатчысынын орун басары Ерлан Алимбаев катышып, сөз сүйлөдү.  Ал Изилдөөдө  азчылыктын өкүлдөрүнө (этникалык, сексуалдык жана диний көз карашы боюнча) жана түрдүү социалдык топтордун өкүлдөрүнө болгон медиадагы мамилеге мониторингдин жана анализдин жыйынтыктары келтирилген.

Тактап айтканда, ал адамдардын ЖМК (Жалпы маалымат каражаттарында) Кыргызстандын социалдык тармактарында мүнөздөлүүсү, алардын образын аудиторияга жеткирүү, респонденттердин пикири, ар кандай коомдук-саясий контексттеги ыдык көрсөтүүчүлүк дискурстун пайда болуусу изилдөөгө алынган.

Изилдөөдө келтирилген мисалдар дискриминациялык лексиканы түшүндүрүү жана квалификациялоо менен коштолгон.

Изилдөөлөр 2019-жылы, Кыргыз Республикасынын теңчилик үчүн Коалицияга мүчө болгон  укук коргоо менен алектенген уюм Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа –технологиялар Мектебинин эксперттери менен биргеликте  жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен эксперттер мамлекеттик органдарга, жарандык коомго, ЖМКга, донордук агенттиктерге жана эл аралык уюмдарга сунуштама беришкен.

Бет-ачардын жыйынтыгында, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери  эксперттер тарабынан  касташуу тили, дискриминация, ксенофобиялык стереотиптер, чөйрөнү анализдөө ж.б. боюнча маселелерди ортого салышты.