Акыйкатчы Токон Мамытов: Таза суу - келечек муундун ден соолугу үчүн маанилүү

25/08/2020 - 10:33

2020-жылдын 25-августунда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов “Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу” коомдук бирикменин аткаруучу директору Гульмира Кожобергенова менен жолукту.

Акыйкатчынын кеңсесинде болгон жолугушууда Кыргызстандын аймактарында ичүүчү таза суунун жетишсиздиги боюнча көйгөйлөр талкууланды.

Аталган жарандык альянс  тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча алектенип келүүдө. Негизги максаты - Кыргызстандын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган финансылык ресурстарды бөлүштүрүлүшү жана пайдаланылышынын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун күчөтүү.  

Гульмира Кожобергенова Акыйкатчыга пландаштырылган долбоордун алкагында өнөктөштүктү жана өз ара кызматташууну суранып,  “сиздин бул көйгөйгө кайдыгер карабашыңыз жана жигердүү позицияңыз кырдаалды кыйла жакшыртып, керектүү натыйжаларга жетишет деп ишенебиз”-деп билдирди.

Өз кезегинде Токон Мамытов, “суу азык-түлүк гана эмес, суу-бул өмүр. Эгерде суу жок болсо өсүп келе жаткан муундун келечеги жөнүндө кеп кылуунун да кажети жок.  Экология начар болгону аз келгенсип, суу да жетишсиз болгону эң чоң көйгөй. Албетте, мен да бул көйгөйдүн чечилишине кызыктармын. КР Акыйкатчы аппаратынын социалдык-экономикалык укуктарды коргоо бөлүмү бул багытта иш жүргүзөт. Ушул чөйрөдө  чогуу иштөөгө чакырам  ”-деп, бул  багытта кызматташууга даяр экендигин билдирди.