КР Жогорку соту: КР Акыйкатчысынын өкүлдөрүн соттук отурумга катыштырбоо жөнүндөгү буйрук берилген эмес жана берилүүсү мүмкүн эмес

28/08/2020 - 10:05

Өлкөдө COVID-19 илдети башталып, өзгөчө кырдаал жана абал болуп турган шартта да Акыйкатчы аппараты жарандардан келген арыз-даттанууларды токтотпой карап, укуктарын жана эркиндиктерин сакталышына көзөмөл жүргүзүп турду. Себеби, КР бүткүл аймакка өзгөчө же согуштук абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин чектебейт жана токтото албайт деп көрсөтүлгөн (“Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамдын 6-бер.2-б).

Бирок, Талас облусунда Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө тоскоол болгон учуру катталды. КР Акыйкатчысы жөнүндө мыйзамдын 8-беренесинин 11-пунктунда,  Акыйкатчы, анын өкүлү бардык инстанциялардагы соттордун заседаниелерине, анын ичинде соттук териштирүү кызыкчылыгын көздөп жабык деп жарыяланган сот заседаниелерине адамдар макул болгон шартта катышууга укуктуу деп жазылган.

2020-жылы  22-июлда  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгүнө Талас шаарынын  тургуну  Э. Ж.  арыз менен кайрылган, ал арызында 2020-жылы  23-июлда саат 14тө  Талас облустук сотунда жол  кырсыгынан каза болгон эжеси И.К. боюнча кылмыш иши караларын,   өкүл катышуусун суранган.  

Болжонгон 23-июль күнү, саат 14кө өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси М. Такеев Талас облустук сотунун имаратына келсе, соттук приставдар сот отурумуна сот тарабынан берилген тизме менен гана киргизилерин билдиришип, киргизбей койгон.  

М. Такеев соттун төрагасы менен бул маселени чечүү боюнча сот имаратына киргизүүнү сураганда сот приставдары киргизе албайбыз деп айтышып,    сот  отурумунун  катчысы Исрадин Рысканов КР Жогорку соту өлкө аймагында COVID -19 коронавирус оорусунун жайылышына   байланыштуу коопсуздук чараларын көрүү максатында сот отурумуна тийиштүү адамдар гана катышарын айткан.

Сот отурумуна киришкен жабырлануучунун өкүлү Э.Ж.  жана жактоочусу А.Насеков Талас облустук сотунун жазык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясына төрагалык кылуучу К.Эстебесов, коллегия мүчөлөрү Б.Турсункулов жана А.Султаналиева   Акыйкатчынын өкүлүн жана областтык телевидениени катыштыруу боюнча  өтүнүчтөрү канаттандыруусуз калтырылганын билдиришти.

Ушундай эле экинчи окуя, Талас райондук сотунун сот ишинде да болгон. Сот отурумуна төрагалык кылган судья Т.Н. Акылбеков 9.04.2020-жылы ачык сот отурумунда, Акыйкатчынын өкүлү М. Такеевди, КР Жогорку Сот тарабынан COVID -19га байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүп, сот отурумунда тараптар гана киргизилиши боюнча көрсөтмөсү бар экенин айтып, сот залынан чыгарган.

Жогорудагылардын негизинде, Акыйкатчы аппараты КР Баш мыйзамынын 108-беренесин жетекчиликке алып, “КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” мыйзамынын негизинде КР Жогорку сотунун төрайымына кайрылып, иштин жагдайын сураган.

Жогорку соттун жообунда, КР судьялары өз ишмердүүлүгүн КР Конституциясынын жана Мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт. Анын ичинде “КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды сактоого судья милдеттүү экенин, жазык сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын  негизинде жүргүзүлөрүн, сот калыстыкты жана обьективдүүлүктү сактоо менен, тараптардын процесстик укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө тийиш болгондуктан, КР Жогорку соту тарабынан сотторго, анын ичинде Талас областтык жана райондук сотторуна КР Акыйкатчысынын өкүлдөрүн соттук отурумга катыштырбоо жөнүндөгү буйрук берилген эмес жана берилүүсү мүмкүн эместигин  билдирген.