КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жашы жете элек кыздын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй облустук сотунун төрагасы Д.Онолбековго кайрылды

02/09/2020 - 09:58

2020-жылдын 24-апрелинде Токмок шаарынын кичи райондорунун биринде жашаган К.Ч. аттуу тургун Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) аппаратына, өзүнүн жашы жете элек (2009-ж туулган) кызы А.А. сексуалдык ыдык көрсөтүүгө туш болгонун айтып кайрылган. 

25-августта К.Ч. Акыйкатчы Токон Мамытовдун кабылдамасында болуп, жолугушуу учурунда жогорудагы кылмыш ишин объективдүү кароого жардам берүүнү суранган. Арыз ээси Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун 2020-жылдын 8-апрелиндеги (No УД-50-20 / Ч 7) Токмок шаардык сотунун судьясы А.Тойгонбаевдин чечимин мыйзамсыз жана адилетсиз деп эсептейт.

К.Чнын маалыматы боюнча, тергөө учурунда аскер кызматкери А.Тнын күнөөсү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана экспертизалардын жыйынтыгы менен далилденген. Бирок, Токмок шаардык сотунун 2020-жылдын 8-апрелиндеги өкүмү менен А.Т. аттуу жаран- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерин   Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 162-бер. 1 жана 4-бөлүгүнөн (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер), 266 –бер. 1-бөлүгүнө  (Бейбаштык) которуп жана сот залында камактан бошотулган.

 Арыз ээсинин айтымында, сот жараяны учурунда мамлекеттик айыптоочу А.Тны 16 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Бул судья тарабынан эске алынган жок.

А.Т.га коюлган айыптар биринчи инстанциядагы сотто жашы жете элек кыздар А.А. жана Б.К.нын түздөн-түз көрсөтмөлөрү менен далилденген өзгөчө оор кылмыш болчу,  ошондой эле соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, А.Анын оң жагындагы ийини көгөргөнү жана башка эмоциялар басымдуулук кылган, адаптациялануу түрүндөгү психикалык бузулуунун белгилерин тапканы эске алынган эмес.

Ошондой эле, арыз ээси К.Ч. учурда анын апелляциялык арызы Чүй облустук сотунда каралып жаткандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты эксперттин корутундусу менен тастыкталган жогоруда көрсөтүлгөн аракеттерге кабылган жашы жете элек А.А.нын мындан аркы тагдырына тынчсыздануусун билдирет.

Ушуга байланыштуу, Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренесин жетекчиликке алып, Чүй облустук сотуна кайрылып, ишти кичинекей кыздын кызыкчылыгы үчүн кароону, ошондой эле иштин материалдарын объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн арыз ээсинин жүйөөлөрүн эске алууну өтүндү.