Акыйкатчынын орун басары жана “Голос Свободы” коомдук фонду Саламаттыкты сактоо министрлигине кармалгандарды медициналык кароодон өткөрүү боюнча бирдей форманын үлгүсүн тапшырышты

02/09/2020 - 09:41

Бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган учурда адамды медициналык кароодон өткөрүү үчүн 10 000 нускаа бирдей үлгүдөгү форма Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Тапшырууга КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Ерлан Алимбаев, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Саламаттыкты сактоону уюштуруу жана дары саясаты департаментинин бөлүм башчысы- Нургүл Ибраева,  ошондой эле Кылмыш процесстеринде адам укуктарын коргоо ассоциациясынын мүчөлөрү, “Голос Свободы” КФ өкүлдөрү - Айдар Сыдыков жана Батыр Ботобековдор катышышты.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) институту “Голос свободы” коомдук фонду менен биргеликте, Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайларга жана тергөө изоляторлоруна кылмыш ишин козгоодо адам укуктарынын сакталышы боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турат. Бүгүнкү күндө аныкталган көйгөйлөрдүн бири болуп- кармалгандарды убактылуу кармоочу жайга жайгаштыруу үчүн саламаттыкты сактоо тутумунун дарыгерлери бекитилбеген, ар кандай үлгүдөгү маалымкаттарды толтуруу практикасы саналчу.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун демилгеси менен медициналык экспертизанын бирдей үлгүдөгү формасын жана тиешелүү көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлүп, анын курамына КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Акыйкатчы институтунун, Эл аралык Кызыл Чырым (ЭКК), Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун, "Голос свободы" коомдук фондунун өкүлдөрү жана көзкарандысыз дарыгерлер менен эксперттер киришкен.

 Натыйжада, КР Саламаттыкты сактоо министри 2020-жылдын 24-мартындагы No190 буйругу менен "Ички иштер башкармалыгынын УКЖна жеткирилгенде адамды медициналык кароодон өткөрүү формасын" № 033 / y жана аны толтуруу тартибин жөнгө салган нускаманы бекитти.

Камактагыларды медициналык кароодон өткөрүүнүн бирдиктүү формасын киргизүү менен республиканын УКЖгы камактагыларга медициналык жардам көрсөтүү абалы бир топ жакшырат деп үмүттөнөбүз.