Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын суроо-талабына убагында жооп бербегендиги үчүн милициянын капитанына сөгүш берилди

04/09/2020 - 09:37

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-бер. 1-пунктуна ылайык,  "Мамлекеттик бийликтин бардык органдары Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүүсүнө жана инспекцияларына тезинен жана артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү". Мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери тарабынан Мыйзамдын ушул ченеми көз жаздымда калган учурлар бар.

Төмөндө бир мисал келтирилди:

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Абдраев Мурат Шайлообековичке Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги К.Джумагазиевдин буйругу менен сөгүш жарыяланды, - деп жазылган КР ИИМ министринин орун басары П.Асановдун Акыйкатчы Институтуна берген жообунда.

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жообунда. Тартиптик жазанын колдонулушуна Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын жетекчилигинин №03-002-2019-01XXX сотко чейинки өндүрүш иши боюнча  көрсөтмөсүнө ылайык жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусу негиз болгон. Корутундуда сотко чейинки өндүрүш боюнча № 03-051-2019-00XXX Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басарынын кайрылуусуна жооп өз убагында берилбегени аныкталган.