Акыйкатчы өкүлү жоокерлер менен жолугушту

04/09/2020 - 09:35

2020-жылдын 4-сентябрында   Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу  боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш. Касымов, Ош ш.  аскер прокуратурасынын кызматкери Ө.Ташбаев, Ош ш. казысы У.Сарыбаев  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Ош шаарындагы башкармалыгында  кызмат өтөп жатышкан жоокерлер жана офицердик курам менен жолугушуу өткөрүштү.  Жолугушуу аскер прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулган.

Жолугушуу учурунда, КРнын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош областы боюнча өкүлү Ш.Касымов Акыйкатчы аппаратынын аткарып жаткан  иштери, милдеттери жана укуктары, Адам укуктарынын жалпы декларациясында каралган адам укуктары,  анын аткарылышы жана башка адам укуктарына байланышкан маселелер боюнча маалымат берди. Ошондой эле, буга чейин аскер кызматкерлеринин, анын ичинде чек ара кызматкерлеринин укуктарын коргоо боюнча  өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары, өкмөткө берилген сунуштары боюнча айтты. Аягында  жоокерлерди жана офицерлерди кызыктырган адам укуктарыны тиешелүү суроолорго жооп берди.

 Прокуратура кызматкери тарабынан жоокерлердин аскердик милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралу айтылса, Ош шаарынын казысы жоокерлерди өз жанын кыйбоого (суицидке), ыймандуулукка чакырып, диний маселелер тууралу сүйлөдү. 

Эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен бардык катышуучулар беткапчан отурушту.