Чүй облусунун прокуратурасынан жооп: Соттолгон адамдын кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунун архивинде жок

09/09/2020 - 09:28

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) атына өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон В.П. жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу анын кылмыш ишин кароого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээси белгилегендей, «шеригим С.Б. учурда менин жалган көрсөтмөм менен жазасын өтөп жатат. Мен тарабынан жасалган кылмыш ишинде С.Б. катышкан эмес. Тергөө бул кылмыш ишин ачышы керек болгондуктан,  тергөө бурмаланып, кылмыш иши сотко өткөн », - деп жазган В.П.

Арыздын  материалдарын кылдаттык менен изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылуу жөнөттү.

Чүй облусунун прокуратурасынан алынган жоопто маалымдагандай, “Соттолгон В.П.нын арызын чечүү  жана апелляциялык арызда келтирилген жүйөөлөрдү текшерүү үчүн, кылмыш ишинин бардык материалдарын, тактап айтканда, айыпкердин жана күбөлөрдүн тергөө учурунда жана сотто берген көрсөтмөлөрүн, экспертизалардын корутундуларын жана айыптоочу тараптын бардык далилдер базасын изилдөө керек.

Бирок, Аламүдүн райондук соту  В.П. жана Б.С. тиешелүү кылмыш иши Аламүдүн райондук сотунун архивинен таппай коюшкандыктан,  кылмыш ишинин материалдарын иликтөө мүмкүн эмес. Учурда Аламүдүн райондук сотунда кылмыш ишин издөө иштери улантылууда”, - деп айтылат облустун прокурор А.Чынбаевдин колу коюлган Чүй облустук прокуратурасынан келген жоопто.   

Эске сала кетсек, кызмат адамдарынын күнөөсү менен кылмыш ишинин материалдары жоголгон экинчи учур катталып жатат.   Биринчи учур тууралуу биз 2019-жылдын декабрь айында маалымдаганбыз.