Соттун чечими күчүнө кирген соң 50 күндөн кийин гана бейтап РПО дарылоонун катуу режиминен күчөтүлгөн дарылоо режимине которулган

11/09/2020 - 18:30

2020-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери психиатриялык ооруканалардагы бейтаптардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү. Кызыл-Жар айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык оорукананын №8 бөлүмүндө мажбурлап дарыланып жаткан бейтап Н.М.нын материалын изилдей келгенде аныкталгандай, Бейтапкананын администрациясы Ноокен райондук сотуна Н.М.нын кызыкчылыгында өтүнүч менен кайрылган. Ноокен райондук сотунун 2020-жылдын 15-июнунда өтүнүч канааттандырылып, бейтапты катуу режимден күчөтүлгөн дарылоо режимине өткөрүү чечими кабыл алынган. Бирок белгисиз себептерден улам, бул чечим аткарылган эмес.

Акыйкатчынын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунун прокуроруна чечимди аткарбоо себебин билүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдошту.

Алынган жооптон, Ноокен райондук сотунун чечимине, Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык сунуштама берилгени, бирок 2020-жылдын 16-июлунда апелляциялык сунуштама менен иш материалдарды Жалал-Абад областтык соту өндүрүшүнө кабыл албай, апелляциялык сунуштама берүүнүн мөөнөтү өткөрүлүп жиберилгенине  байланыштуу кайра Ноокен райондук сотуна кайтарганы аныкталган.

Ал эми апелляциялык арызды тапшыруу мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги үчүн Ноокен райондук прокуратурасынын канцелярия бөлүмүнүн башчысы Б.Бекеевге эскертүү жарыяланган. Жалал-Абад облусу боюнча Акыйкатчынын аппаратынын кайрылуусу облустук прокуратуранын ыкчам кеңешмесинде талкууланып, жыйынтыгында Ноокен районунун прокуроруна жана прокурордун улук жардамчысына адам укуктарын бузууга жол бербөө зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берилди,-деп айтылат Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын жообунда.

Белгилей кетсек, бейтап Н.М. катуу дарылоо режиминен күчөтүлгөн дарылоо режимине 2020-жылдын 14-августунда гана өткөн (күчүнө киргенден кийин 50 күн өткөндөн кийин).

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Акыйкатчысы) Токон Мамытов көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрүн психиатриялык мекемелердеги мыйзамдуулуктун сакталышына аяр мамиле жасоого жана бир режимден экинчи режимге которууга байланыштуу мажбурлап дарыланып жаткан бейтаптардын укуктарына байланыштуу сот чечимдеринин аткарылышынын мөөнөттөрүнүн сакталышын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырат, анткени катуу режим менен мажбурлап дарылоодо узак мөөнөттө болуу күчөтүлгөн дарылоо режимине салыштырмалуу бейтаптардын ден-соолугунун абалын начарлатышы мүмкүн.