Акыйкатчы (Омбудсмен) аппратынын кызматкерлери шайлоо өнөктүгү боюнча сурамжылоого (анкета толтуруу) киришти

16/09/2020 - 18:27

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын кызматкерлери Борбордук Азиядагы стратегиялык анализ, диалог жана өнүктүрүү борбору (CASCADD) менен биргеликте, республика боюнча шайлоо өнөктүгүнө көчмө мониторингин башташты. Сурамжылоонун мөөнөтү - 7-сентябрдан 3-октябрга чейин.

Бул анкетирлөө  7 бөлүктөн турат, аларга жоопторду алып,  кызматкер 7 тобокелдик факторун аныктай алат, мисалы:

1. Шайлоочулар үчүн маалыматтык кампаниясы

2. Коопсуздук маселелери

3. Шайлоо процессине аялдардын менен эркектердин бирдей катышуусу

4. Административдик ресурс

5. COVID-19 коронавирусу

6. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги жана ага жетүү

7. Шайлоого карата мамиле

Ар бир тобокелдик факторунун астында "Комментарий" деген графа бар. Анда респондент бөлүшкөн маалыматтар жазылат. Мисалы, "Аялдар менен эркектердин шайлоо жараянына бирдей катышуусу" тобокелдик факторунда респондент "Аялдар шайлоо жөнүндө маалыматты эркектерге караганда азыраак алат" деген сөздөр менен макул болсо, анда кызматкерлер эмне үчүн жеткиликтүүлүктүн төмөндүгүн сурап (себептери жөнүндө), жообун ошол  комментарий –деп турган орунга кыскача жазылат.

Алынган маалыматтар Акыйкатчынын - 2020-жылдагы парламенттик шайлоо мезгилиндеги адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү боюнча билдирүүсүнүн негизги булагы болуп калат. Билдирүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Акыйкатчынын расмий сайтында таратылат.

Акыйкатчынын билдирүүсү тиешелүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөр өз убагында реакция жасап турушу үчүн, өлкөнүн жарандарынын адам укуктары бузулган учурда алдын алуу мүнөзүндө болот.

Ссылка на кырг.: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSczx6-P08MlWCuHj6Dfn-KumuzHX31h8cN0hQNpM72Ile3tBw/viewform?usp=sf_link

Ссылка на русс.: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOxK18exqaiwHFYDUe59DOSrylD0QZCFMw-jBGb6CW1-vqsw/viewform?usp=sf_link