Бишкек шаардык сотунун комиссиясы кылмыш иши жоголгонун тастыктады

21/09/2020 - 18:08

КР Акыйкатчысынын наамына  1947-жылы туулган Д.Д. арыз менен кайрылган. Ал жазык иштеринин материалдары жоголгонуна байланыштуу укугу бузулуп жатканына даттанган. Берилген материалдарды талдап көргөндө, ал 2004-жылы 20-мартта  КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы редакция) 221, 169, 350, 171-беренелеринде каралган кылмыштарды жасады деп  айыпталган. 2009-жылдын 18-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин кыскарткан, аны Бишкек шаардык соту 2009-жылы 10-ноябрда, Ал эми Жогорку сот 2010-жылы 17-февралда күчүндө калтырган.  

Айыптоонун негиздери менен макул болбогон Д.Д. “Ынтымак” айыл чарба кооперативинин  жоюу комиссиясынын токтому менен анын күнөөсү жоктугун тастыктаарын белгилейт. 2013-жылдын 6-мартында ал Октябрь райондук сотуна Октябрь райондук соту тарабынан кыскартылган кылмыш ишин кайра кароо өтүнүчү менен кайрылган., 2013-жылы 11-мартта ал жазуу түрүндө жооп алып, кылмыш ишинин материалдарында Ынтымак” айыл чарба кооперативинин жоюу комиссиясынын токтому жоктугу маалымдалган.

Арыз ээси Д.Д. ырасташынча, кылмыш ишинин материалдары сот тарабынан жоготулган, мунун далили болуп Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту менен Балыкчы шаарынын ортосундагы кат жазышууларды көрсөткөн.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов КР Жогорку сотунун төрайымы Г.Калиевага кайрылуу жолдоп, кылмыш ишинин жоголуу фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүү, ишти табууну уюштуруу, ошондой эле жооптуу кызматкерлердин бул жоголууга тиешеси болсо тартиптик чарага тартуу маселесин карап көрүү суралган.  .

Бишкек шаардык сотунун төрагасынын 2020-жыл 29-апрелдеги буйругу менен комиссия түзүлүп, ал эки ай бою териштирүү дүргүзгөн.  Кылмыш ишинин жоголушуна Октябрь райондук сотунун мурдагы төрагасынын да тиешеси бар, анткени  кылмыш ишинин материалдарын соттун жардамчысы аркылуу жөнөткөн. Ошондой эле кылмыш ишинин жоголушуна Балыкчы шаардык сотунун  да тиешеси бар, анткени жөнөтүү реестринде ушул кылмыш ишин алган адамдын аты жөнү көрсөтүлгөн эмес.

“Комиссия өз ыйгарымдарынын чегинде кылмыш ишинин материалдарынын жоголушу боюнча белгилүү бир иштерди жүргүзгөн. Бирок кылмыш ишинин материалдары турган жер жана жоголуу себептери аныкталган эмес деген корутундуга келген, ушуга байланыштуу бул корутунду тийиштүү укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн”-деп жазылган комиссиянын корутундусунда.

Ошентип, кылмыш ишинин материалдарынын жоголгонун Бишкек шаардык сотунун комиссиясы тастыктады.

КР Акыйкатчысы Токон Мамытовдун пикирнде,  “прокуратура органдары жана сот органдары шашылыш түрдө жана артыкчылыктуу тартипте ыкчам аракеттенүү менен кылмыш ишинин материалдарын калыбына келтирүүсү зарыл. Бул жаран Д.Д. жаңы ачылган жагдайлар боюнча акталуусуна шарт түзөт, анткени арыз ээси мөөнөтү өтүшү менен кыскартылышы менен макул эмес, ага карата туура жана адилеттүү чечим кабыл алынышы керек”.