Аскер бөлүктөрүндөгү жолугушуулар

25/09/2020 - 18:04

21-22.09.2020-ж. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жана  “Республикалык жоокерлердин энелер комитети” менен түзүлгөн меморандумдун алкагында, ошондой эле Акыйкатчынын Ош шаары жана Ош облусу  боюнча өкүлчүлүгү менен Ош шаардык  аскер прокуратурасынын  жоокерлердин укуктарын коргоо, кыйноолордун, өз жанын кыюулардын (суицид) алдын алуу боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде  Кыргыз Республикасынын Генералдык Штабынын Ош шаарындагы 36806-аскер бөлүгүндө, КРнын   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарындагы аскер бөлүгүнүн, КРнын Ички ишгтер министрлигинин 703-ички аскерлер бөлүгүндө кызмат өтөп жатышкан жаш жоокерлер жана офицердик курам менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда КРнын  Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош шаары жана Ош облусу  боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ш.Касымов, Ош шаардык  аскер прокуратурасынын кызматкери Ө.Ташбаев, Ош шаарынын казысы У.Сарыбаев жана  “Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин” төрайымы У. Байгубатова  катышты. 

Жолугушуу учурунда, КРнын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош областы боюнча өкүлү Ш.Касымов Акыйкатчы аппаратынын аткарып жаткан  иштери, милдеттери жана укуктары, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын  кабыл алынышы,  себептери, аткарылышы жана башка адам укуктарына байланышкан маселелр боюнча маалымат берди.  Аягында  жоокерлерди жана офицерлерди кызыктырган адам укуктарына тиешелүү болгон  суроолорго жооп берилди.

Прокуратура кызматкери тарабынан жоокерлердин аскердик милдеттери жана жоопкерчиликтери тууралуу, ал эми Ош шаарынын казысы тарабынан ыймандуулукка чакыруу, өз жанын кыюу чоң күнөө экендиги айтылып,  жана башка маселелер талкууланды. “Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин” төрайымы Уулкан Байгубатова  жаш жоокерлердин берген анттарына бекем турууларынын зарылдыгы жана  Уставдык эрежелерди бузбоо жана жаш жоокерлерге тиешелүү кеп-кеңештер айтылды.

Жолугушуу учурунда эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен бардык катышуучулар бет капчан болушту. Жолугушууну жогоруда көрсөтүлгөн аскер бөлүктөрүнүн командирлери  полковник К.Сайдинов, полковыник М.Карабаев  жана полковник А.Исмаилов  алып барды.