КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери парламенттик шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жатышат

04/10/2020 - 16:14

Бүгүн, 4-октябрда КР Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын жана аймактык өкүлчүлүктөрүнүн  кызматкерлери жалпы шайлоочулардын жана КР Жогорку кеңешине ат салышып жаткан талапкерлердин  укуктарынын бузулууларынын алдын алуу максатында  эртең менентен тартып, участкалык шайлоо комиссияларына барып, ал жерде добуш берүүнүн жүрүшү жана  санитардык коопсуздук ченемдеринин сакталышына байкоо жүргүзүшүүдө. Алар Бишкек шаарындагы төрт райондо жана жети облуста  мониторингде жүрүшөт. Андан сырткары, Акыйкатчынын борбордук аппаратында штаб иштеп жатат, ал жерге онлайн режиминде WhatsApp  тиркемесинде тийиштүү маалыматтар ыкчам берилип турат.

Алдын ала маалымат боюнча Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жалпы республика боюнча 200 участокто болушат. Ачыкталган бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлөт.

Мисалы, №1215 УШКда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн таптакыр ыңгайсыз. Ал жерге келген коляскачан шайлоочуну бөтөн адамдардын жардамында экинчи кабатка көтөрүп чыгышкан.  УШК төрагасы Е.Шестакованын маалыматында 9 ДМЧА үйдөн добуш берүүгө жазылган. 1 шайлоочу минтип коляска менен өзү келген.