Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Санкт-Петербургда кыргызстандык киши кош бойлуу аялын мыкаачылык менен сабаган кырдаалды көзөмөлдөп турат

20/10/2020 - 11:30

Интернет булактарында Россиянын Санкт-Петербург шаарында 35 жаштагы кыргызстандык киши 29 жаштагы кош бойлуулуктун 33 жумасындагы  аялын (ал да Кыргыз Республикасынын жараны) катуу сабады деген маалымат пайда болгондон кийин, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Россия Федерациясынын Президентине караштуу Баланын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ю. Кузнецовага кайрылуу жөнөтүп, анда ал жабыркаган аялдын жана анын баласынын укуктарын коргоодо ар тараптуу жардам көрсөтүүнү жана бул кырдаалды жеке көзөмөлүнө алууну суранды.

Эске салсак, бул факт боюнча, жабыркаган Кыргызстандын жараны Боткин ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилген жана баланы сактап калуу максатында, ага кесаревдук кесүү жолу менен операция жасалганы маалымдалган. Ымыркай тирүү, анын абалы канааттандырарлык. Аялдын абалы дагы деле оор бойдон калууда деген маалымат тараган болчу.

А.Ю. Кузнецовадан төмөнкүдөй жооп алынды:

«Кыргыз Республикасынын жараны А.П. катуу ур-тепкиге алынып, 33 жумалык кош бойлуу абалында С.П. Боткин атындагы клиникалык жугуштуу ооруулар ооруканасына түшкөн.

08.06.2020-жылы А.П. эркек төрөп, ымыркай бир күнгө жандандыруу терапиясына которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Наристе мөөнөтунөн эрте төрөлуп, андан дем алуу дистресс синдрому жана  дем алуу органдарынын жетишсиздиги пайда болуп, ошондой эле эненин оор абалынан кийин пайда болгон асфиксиядан улам абалы оор  болгон.

13.08.2020-жылы жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы турукташып, энесинин макулдугу менен, ал   «Детская городская больница №17 Святого Николая Чудотворца» атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик саламаттыкты сактоо бюджеттик мекемесине  которулуп, ал жерден дагы бир ирет текшерүүдөн өтүп, дарыланып жатат.

Мындан тышкары, күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган А.П.нын укуктарын коргоо жаатындагы кырдаал Санкт-Петербург шаарынын ыйгарым укуктуу органдарынын ишине өткөрүлүп берилди."