Акыйкатчынын Урал федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү УрФУнун 100 жылдык мааракесине катышты

27/10/2020 - 11:22

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы институтуна сый мамилесин билдирип, Россиянын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин ректору В.А. Кокшаров Акыйкатчынын Урал федералдык округундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жыргалбек Белековду УрФУнун 100 жылдыгын белгилөөгө катышууга чакырды.

Майрамдык жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, Ж.Белеков Кыргызстандан барган студенттерге мыкты окугандыгы жана университет турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды.

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк деңгээлде бул университет "Үч университеттин миссиясы" рейтингинде 286-орунда, QS рейтингинде 331-орунда турат. Россияда Forbes рейтингинде УрФУ 2020-жылы 4-орунду ээлеген.