Акыйкатчы аппаратындагы жаңы дайындоолор

02/11/2020 - 10:49

Бүгүн, 2020-жылдын 2-ноябрында, Акыйкатчы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жамаатына жаңы дайындалган аппарат жетекчини тааныштырды, ал 1990-жылы туулган Азарбеков Аскат Нарынбекович болду.

Азарбеков Аскат Нарынбекович Стратегиялык маалыматтык технологиялар институтунда "Экономика, бухгалтердик эсеп жана контроль" багыты боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багыты боюнча билим алган. Учурда ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын "Саясат таануу" багыты боюнча аспирантурасында окуйт.

2010-жылы "Башкаруучулардын жаңы муунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка чакыруу программасы жөнүндө" квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп, кошумча билим алган; 2015-жылы "1 жана 2- даражадагы мамлекеттик сатып алуулар программасы жөнүндө" жана "Россия Федерациясынын мамлекеттик сатып алуулар программасы" (Казань ш.) квалификациясын жогорулатуу курстарында квалификациясын жогорулаткан.

Мындай кызматтарда тажрыйбасы бар: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкармалыгынын бухгалтер-инспектору; "Гүл-Азык" ЖЧКнун  Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы; КРӨнүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; КРӨнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын кеңешчиси; Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Уюштуруу, кадр иштери жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы; КРӨнүн  алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башкы адиси.

Ошондой эле "Вестник" журналында жарыяланган илимий жарыялоолору бар жана электрондук соода аянтчаларын ишке ашыруу, электрондук тарифтерди бекитүү, мамлекеттик мүлктү кайра баалоо жана эсепке алуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр, тарифтерди түзүү ыкмалары, мамлекеттик үлүшү бар ишкердик субъекттер үчүн KPI тутумдары жаатында, мамлекеттик сатып алуулар ж.б. бир катар ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыккан.

КРӨнүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, КРӨнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Ардак грамоталары, ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын "Мамлекеттик тил" төш белгиси менен сыйланган.

Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жогорку административдик кызмат орундарына Улуттук резервде турган кызматкерлердин арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын аттестациялык-сынактык комиссиясы менен болгон аңгемелешүүнүн негизинде Аскат Азарбеков Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппаратынын жетекчиси кызматына дайындоого  сунушталган.

Акыйкатчынын башка буйругу менен 1981-жылы туулган Озубеков Руслан Орозобекович Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын Жыйынтыктап талдоо, көзөмөлдөө жана алдын ала божомолдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

 Руслан Орозобекович 2004-жылдын октябрь айынан бери Акыйкатчы аппаратында иштеп келген. Жаңы кызматка дайындалганга чейин ал өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратынын Эксперттик укуктук камсыздоо секторунун эксперти катары жүргүзгөн. Тийиштүү сынак өткөрүлгөнгө чейин, ал башкы административдик кызмат орундарынын ички кадрдык резервинде турган эле

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов А.Н.Азарбековду  жана  Р.О. Озубековду куттуктап,   аларга Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоо жаатында мындан аркы ийгиликтерди каалады.