Нарын облустук музейдеги көргөзмө адам укуктарына арналды

12/11/2020 - 15:07

КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жарыяланган адам укуктары боюнча бир айлык өз ишин баштады. КР Акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу  өкүлү Тойгонбай Жаанбаев маалымдагандай, Нарын облустук мамлекеттик тарыхый-этнографиялык музейинде “Мен жана менин укуктарым” деген темада көргөзмө өз ишин баштады.

Аталган көргөзмө 2020-жылдын 31-декабрына чейин уланаарын музей директору  Анара Сабитова маалымдаган.  Көргөзмөдөн Адам укуктарынын жалпы декларациясы, анын кабыл алынуу тарыхы, Кыргызстандагы адам укуктары жана КР Акыйкатчы Институтунун ишмердиги  тууралуу  маалыматтар камтылган.