Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институтунда республиканын улуттук азчылыктарынын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо маселелери талкууланды

13/11/2020 - 09:32

Бүгүн, 2020-жылдын 13-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун ЕККУнун Улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссарынын (УАЖК) кеңсесинин директору Кристоф Камп менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ЕККУ УАЖК бөлүмүнүн башчысы Ирина Власюк, ЕККУ УАЖКнын саясий кеңешчиси Антон Томпсон, Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев, Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана ЕККУ УАЖКнын координациялык ассистенти Гүлжан Ермекбаева катышты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун мындан ары Кыргызстан калкынын Ассамблеясы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жеке көзөмөлгө алынат деген жарлыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Акыйкатчы ошондой эле биздин жарандардын кызыкчылыгын коргогон Акыйкатчынын коомдук башталыштагы кеңешчилери жана жардамчылары Кыргызстандагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн укуктарын коргоого чоң салымын кошуп жаткандыгын баса белгиледи.