КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Улуттук госпиталга барып, Ж.Сатыбалдиев менен жолугушту
13/11/2020 - 16:46
Бүгүн, 2020-жылдын 13-ноябрында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Улуттук госпиталда өлкөнүн мурдагы Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Жантөрө Сатыбалдиев жакында жүрөгүнө операция жасалганын, анын жүрөгүнө стент коюлганын маалымдады.
Ал ошондой эле өзүнө карата кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга ылайык КР Жогорку сотуна кайрылганын, ишти кароо боюнча сот отуруму ушул жылдын 6-декабрына белгиленгенин кошумчалады. Эске салсак, Ж.Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБ модернизациялоодо коррупциялык иштер боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган эле.
Акыйкатчы жана анын апаратынын кызматкерлери жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан башка соттолгондордон да пландалган график боюнча кабар алышмакчы.