Адам укуктарынын бир айлыгынын алкагында аскер бөлүгүндөгү жолугушуу
10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүндө түзүлгөн иш планга ылайык 2020-жылдын 16-ноябрь күнү өкүлчүлүктүн жетектөөчү адиси К. Курманбеков Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкери капитан М.Кебеков менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Айдаркен шаарындагы №2023 аскер бөлүгүнө барып, аскер бөлүктүн командири полковник Д. Сагынбаев жана катардагы жоокерлер менен жолугуп иш чара өткөргөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө жоокерлерге Адам укуктары боюнча жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) институту жөнүндө маалыматтар берилди.
Жолугушуунун соңунда жоокерлердин жашоо шарттарына, ашканасына, жатаканасына жана аскер бөлүктүн санитардык абалына мониторинг жүргүзүлдү.