Акыйкатчынын Талас облустук өкүлчүлүгү убактылуу кармоочу жайга мониторинг жүргүздү

25/12/2020 - 13:59

КР Акыйкатчысы  тарабынан 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө  карата  жарыяланган бир  айлыктын алкагында  КР Акыйкатчысынын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 24- ноябрда  Кыйноолордун алдын алуу борборунун Таластагы өкүлү  менен бирдикте Талас ОИИБнын   убактылуу кармоочу изоляторуна  мониторинг  жүргүзүлдү.  Талас ОИБ убактылуу  кармоочу жайында  баардыгы 17 жаран кармоодо турган.

КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык сотко өткөрүлгөн иш боюнча  2 жаран,

Тергөөдөгүлөр - 9 жаран,  соттолгон 3 жаран. Кармалгандардын арасында 1 аял олтурат. Жашы жетпегендер жок.

Тергөөдөгө Ш.В. өзүнчө камерада олтурат, анткени ПЦР анализдин жыйынтыгы боюнча андан анализдин жыйынтыгы COVID-19 тастыкталган.  

КР КЖКнын 304-беренеси (1997-жылдагы редакция) боюнча айыпталган жеке ишкананын жетекчиси  2020-жылы  саат 19-30да  кармоого киргизилген,  кармоо шарттары  боюнча доосу жоктугун,тергөөнүн жүрүшүнө  нараазылыгын билдирди.

Мониторинг учурунда  мыйзам бузуулар аныкталган  жок.