КР Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү колледж студенттерине адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу айтып беришти

07/12/2020 - 13:08

Адам укуктарынын бир айлыгынын алкактарында 2020-жылдын 7-декабрында КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери  Kyrgyzstan University of Language and Culture университетинин колледжинин  студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш чаранын максаты жаштардын укуктук маалымдуулугун арттыруу жана адам укуктарына студенттердин көңүлүн буруу болду.

КР Акыйкатчысынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Карабаева жана өкүлчүлүктүн эксперти У.Абдымомунов  КР Акыйкатчысынын ишмердүүлүгүн презентациялашты.

Ошондой эле бул жолугушууда Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү Г.Ормонбекова, М.Жакыпов жана адам укуктары боюнча эксперт Э.Каипов катышып, өз иштеринин багыттары тууралуу сөз козгошту.

Жолугушуунун экинчи бөлүгүндө студенттер өз суроолору менен кайрылышып, аларга жоопторду ала алышты. Андан кийин студенттер арасында викторина өткөрүлдү жана анын эң активдүү катышуучуларына  КР Акыйкатчысынын өкүлдөрү тарабынан блокнот ручка жана USB-флешкалар берилди.

Жолугушууга катышкан студенттер жана колледж директору студенттердин КР Акыйкатчы аппаратында практикадан өтүүсү тууралуу өтүнүчүн билдиришти. Жолугушуу бардык санитардык ченемдерди сактоо менен өткөрүлдү.