Ош шаарында гендер маселесине арналган тегерек стол өткөрүлдү

12/12/2020 - 09:33

Эл аралык адам укуктары күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын иш чараларынын алкактарында КР Акыйкатчы (Омбудсмен)аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү, КР Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облустук өкүлчүлүгү КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү менен биргеликте  “Бир-дүйнө Кыргызстан” коомдук фондунун колдоосунда гендердик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча тегерек стол өткөрүштү. Иш чара 2020-жылдын 11-декабрында өттү.

Иш чаранын катышуучуларынын алдында КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Ерлан Алимбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

КР Акыйкатчы аппаратынын  тармактык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Бообекова КР Акыйкатчысынын бул чөйрөдө аткарып жаткан иштери тууралуу атайын презентация жасады.

Иш чаранын жүрүшүндө “Бир-дүйнө Кыргызстан”  укук коргоо фондуна  караштуу “Альтернатива” борборунун директору Лира Исмаиловага  Адам укуктарын коргоого кошкон зор салымы жана КР Акыйкатчы институту  менен тыгыз кызматташканы үчүн КР Акыйкатчысынын Ыраазычылык каты тапшырылды.