Эл аралык адам укуктары күнүнө карата жаштар арасында өткөрүлгөн дебаттык турнир

14/12/2020 - 09:27

2020-жылдын 13-декабрында, “Социалдык жигердүүлүк мектеби” Эл аралык адам укуктары күнүнө карата “Адам укуктары. Жаштар үнү” аталыштагы дебаттык турнир өткөрдү. Турнирге Бишкек шаарындагы дебаттык клубдардын 36 командасы катышты. Иш чара КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбордук Азия башкармалыгы, БААУ инновациялык колледжи, “Голос свободы” коомдук фонду, “Кока Кола Боттлерс” ЖАК, “Додо Пицца” компаниясы өнөктөш катары чыгышты.

1948-жылы 10-декабрда Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Жыл сайын Эл аралык адам укуктары күнү 10-декабрда бүткүл дүйнөдө жалпы таанымга ээ болгон адам укуктарын жана эркиндиктеринин сакталыш көйгөйүнөөзгөчө көңүл буруу максатында ар кандай иш чаралар өткөрүлөт.

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков турнирдин ачылышында, куттуктоо сөзүндө “Сөзгө ээ болуу бүгүнкү күндө жаштар үчүн маанилүү көндүм болуп саналат, ал өзгөртүүгө умтулуп, ар бир адамдын укук жана эркиндиктерин сактоого жана урматтоого умтулат. Сөз бүтүндөй дүйнөнү багынта алышы мүмкүн”.

Кызуу жана атаандаштыкта өткөн дебаттар менен айтышуулардын натыйжасында “Адам укуктары. Жаштар үнү” дебаттык турниринде 1-орунду жана улуулар лигасында жеңүүчү наамын “Манас” дебаттык клубунун катышуучусу Анарбеков Самат жана «КГЮА» дебаттык клубунун катышуучусу Оморбеков Алибек жеңип алды.

“Адам укуктары. Жаштар үнү” дебаттык турниринде кенже лигада дебаттык турниродин жеңүүчүсү жана 1-орунду “Манас” дебаттык клубунун катышуучулары Кожегулова Лейла жана Токтосунова Назира жеңип алышты.

Дебаттык турнирдин улуулар лигасында мыкты спикер катары Анарбеков Самат таанылды. Дебаттык турнирдин кенжелер лигасында мыкты спикер катары Кожегулова Лейла таанылды. Турнирдин мыкты судьясы катары “Манас” дебаттык клубунун катышуучусу Айдарбекова Аделина табылды.