Укук коргоочу Акылбек Ташбулатов “Акыйкат” медалы менен сыйланды

14/12/2020 - 09:23

Эл аралык адам укуктары күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын иш чараларынын алкактарында КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымдары үчүн бир катар жарандарды сыйлоо тууралуу буйрукка кол койгон эле. Ага ылайык,   “Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун”  жетекчиси Акылбек Ташбулатов “Акыйкат” медалы менен сыйланган.

“Акыйкат” медалын  КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош облусу жана Ош шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамбетали Касымов тапшырды.

Эске салсак, Акылбек Ташбулатов  2020-жылы пандемия учурунда КР Акыйкатчы аппаратына техникалык колдоо көрсөтүп, укук коргоочуларга коргонуучу костюмдарды, беткаптарды, тепловизорлорду жана антисептиктерди сатып берген.

Андан тышкары, Акыйкатчынын ишмердигин жөнгө салуучу “Ченемдик-укуктук актылар жыйнагын” мамлекеттик тилге котортуп, эки тилде чыгышын каржылаган.

Акылбек мырза “Акыйкат” медалыңыз кут болсун!