Акыйкатчы (Омбудсмен) Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө 14 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча сот отурумдарына мониторинг жүргүзүүнү тапшырды

16/12/2020 - 18:08

Кыздын ата-энеси Тоң райондук сотунун өкүмү менен макул эместигин билдирип, алар Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү аталган кылмыш иши боюнча Ысык-Көл облустук сотундагы соттук отурумдарына катышып, мониторинг жүргүзөт. Учурда кыз Ысык-Ата районундагы реабилитациялык борбордо. Белгилей кетсек, бул иш Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүндө.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысы кол койгон  жоопто, бул факт КЖБРде катталган (No 03-018-2019-000XXX) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер ) (30-ноябрь, 2019-жыл) чейин сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөнү маалым. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты бул кылмыш 164-беренеге катталгандыгына макул эмес.  Аны башынан эле  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") боюнча КЖБРге катташ керек болчу. Бул учурда кылмышты жасаган 1979-жылы туулган К.У.  катуураак жазага тартылмак.