Баткенде "Мигрант аялдар дүйнөнү кыймылга келтиришет" деген темада тегерек стол болуп өттү

16/12/2020 - 18:05

15-декабрда  Баткен шаарында, КР Акыйкатчы аппаратынын Балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү, Баткен облусу боюнча Акыйкатчынын өкүлчүлүгү жана “Лейлек-Инсан” коомдук фонду тарабынан уюштурулган "Мигрант аялдар дүйнөнү кыймылга келтиришет" деген темада тегерек стол болуп өттү. Анын жүрүшү талкуу форматында болуп, мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана КР Акыйкатчысы институту тарабынан мигрант аялдардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору боюнча пикирлерин ортого салышты.

Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары Э.Алимбаев сөз сүйлөдү. Өлкөнүн Омбудсмен институтунун адам укуктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө Акыйкатчы аппаратынын балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Г. Бообекова айтып берди.