Баткен окуясында курман болгон Т.Тайлаковдун үй-бүлөсү КР Акыйкатчынын көмөгүндө турак жайга ээ болду

17/12/2020 - 17:34

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын наамына Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну А.Ф-дан кайрылуу келип түшкөн. Ал өз арызында 1999-жылы Баткен окуясында өмүрлүк жолдошу Т.Тайлаков баскынчылар менен күрөшүп, алардын колунан Баткен районунун Зардалы айылында курман болгонун жана 2 баласы менен жесир калганын жазган.

Арыз ээсинин маалыматында турмуш абалы оорлошуп, өзү да оорукчан болуп калганын жазган. Ал Кувейт өлкөсүнөн келген “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунан үй бөлүп берүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Арыз ээси А.Ф-нын турмуштук оор кырдаалын жана азыркы кездеги абалын эске алып, арыз ээсинин маселесин жеринен карап, оң жагына чечип берүүсүн, фонд куруп жаткан үйлөрдөн бөлүп берүү суралып, кат жөнөтүлгөн/

Арыз ээси А.Ф-ва Баткен районунан чакыртылып, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айылында курулган үйлөрдөн там берилди.

Арыз ээси турак жайга ээ болуусуна көмөктөшкөнү үчүн КР Акыйкатчысынын наамына ыраазычылык жолдоду: “Менин ыраазычылык кат жазуумдун себеби Сиздин жана жалпы кызматкерлериңиздин жардамы менен үй алдым. Сиздерге чоң рахмат!”-деп жазылган арыз ээсинин катында.