Акыйкатчы Токон Мамытов “Наше право” мекендештер гильдиясы ассоциациясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

23/12/2020 - 16:50

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов “Наше право” мекендештер гильдиясы ассоциациясынын укуктук борбору менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.  Мекендештер гильдиясы ассоциациясы тарабынан меморандумга анын төрайымы Светлана Борцова кол койду.

Светлана Борцова белгилегендей, “мекендештер гильдиясынын ассоциациясы өз ишин  Россия Федерациясынын колдоосунда жүргүзөт жана маалыматтык-консультациялык маселелерде көмөк көрсөтөт. Ал  КРда убактылуу жүргөн же ттуруктуу негизде жашап жүргөн же ишмердик жүргүзгөн россиялык мекендештердин же россиялык жарандардын  укуктарын мамлекеттик органдарда жана КР сотторунда коргоого багытталган”.

Кол коюлган макулдашуунун максаты КР  Акыйкатчы аппараты менен “Наше право” Кыргыз Республикасындагы россиялык жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча чогуу аракеттенүү болуп саналат. Келишимге ылайык, кызматташтык төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүлөт: Кыргыз Республикасында адам укуктарын эркиндиктерин сактоо жана камсыздоо чөйрөсүндөгү абалды жакшыртууга багытталган демилгелерге катышуу, россиялык мекендештердин КР аймагында сот адилеттигине жетишүүсүнө көмөк көрсөтүү, ошондой эле адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн КР мыйзамдарында каралган башка иш чараларды жүргүзүү, адамдын негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы үчүн көмөк көрсөтүү болуп саналат. Андан сырткары, чогуу иш чараларды да өткөрүү да каралышы мүмкүн.