Бишкекте “Жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды интернаттан кийинки коштоо” аталыштагы тегерек стол болуп өттү

23/12/2020 - 16:46

Бүгүн, 2020-жылдын 23-декабрында КР Акыйкатчысынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева жана Акыйкатчы аппаратынын “Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова “Жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды интернаттан кийинки коштоо” аталыштагы тегерек столдун ишине катышты.  Иш чара  «Оэйсис» коомдук кайрымдуулук фондунун демилгеси жана уюштуруусунда өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын балдар интернаттык мекемелерин аяктап чыккан жетим балдардын абалы боюнча жүргүзүлгөн тематикалык изилдөөнүн жыйынтыктары  талкууга алынды. Андан сырткары, КР Акыйкатчысынын орунбасары Г.Жамгырчиева бул багытта КР Акыйкатчы аппараты тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.