Токон Мамытов ар кандай түзүмдөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады
Бүгүн, 2020-жылдын 25-декабрында, Акыйкатчы Токон Мамытов ар кандай түзүмдөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады. Тактап айтканда, “Акыйкат” медалы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, конституциялык кеңешменин мүчөлөрү А.Юсуров жана Б.Турусбековдорго, ошондой эле белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковго тапшырылды.
"Ала-Тоо 24" телеканалынын редактору Венера Осмокеева, алып баруучу, "Ала-Тоо 24" телеканалынын атайын кабарчысы Нурбек Иманов, журналист, коомдук ишмер Элнура Кулуева Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ардак грамоталары менен сыйланды.
Журналист Аманбол Бабакуловдун эмгеги Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын атынан ыраазычылык каты менен белгиленди.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Токон Мамытов сыйлык ээлери ар кандай кесиптин ээлери, анын ичинде парламенттин өкүлдөрү да бар, алар Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин жөнгө салуучу укуктук актыларды кабыл алуу менен, Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына өз салымын кошуп жаткандыгын белгиледи. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү А.Юсуров жана Б.Турусбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорундагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине байланыштуу беренелерди көбөйтүү демилгесин көтөрүп чыгышкандыгын Акыйкатчы Токон Мамытов өзү да конституциялык кеңешменин мүчөсү катары баса белгиледи.
Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жөнүндө айтып жатып, Акыйкатчы биздин республиканын калкын укуктук маалымдуулугун арттырууда кошкон олуттуу жана маанилүү салымы үчүн аларга ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, Акыйкатчы ушул жылдын ноябрь айында "Манас" эпосун 14 сааттан ашык айткан Дөөлөт Сыдыковдун талантын жана жөндөмүн жогору баалады. Манасчы Дөөлөт Сыдыков буга чейин февраль айында эл аралык эне тил күнүндө КР Акыйкатчы аппараты тарабынан өткөрүлгөн иш чарага жигердүү катышып, Акыйкатчынын кеңсесинде “Манас” эпосунан үзүндү айтып берген эле.
Өз кезегинде, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өлкөнүн укук коргоочу башкы органы менен мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.