Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты маалымат агенттиктеринин биринин кабарчысы айткан маалымат так эместигине көңүл бурат

12/01/2021 - 16:18

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппараты Кыргызстандын маалымат агенттиктеринин биринин кабарчысы "Он төрт жаштагы жетим кыз зордукталгандан кийин төрөдү" деген макаласында айтылган так эмес маалыматтарга көңүл бурат. Тактап айтканда, маалыматта “... Акыйкатчы ведомстволор аралык комиссия түзгөн, бирок факт боюнча андан жооп жок” деген сөздөр камтылган. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту бул билдирүү чындыкка дал келбейт деп билдирип, төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

2020-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна “Путеводная звезда” КФнын директору  жана эки жолу зордуктоого кабылып, натыйжада кыз кош бойлуу болуп калган Чүй мектеп-интернатынын мурунку тарбиялануучусу А.к.А. кызынын маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүп кайрылган.

Бул билдирүү КР Акыйкатчысынын аппараты тарабынан жогорудагы иш боюнча толук маалымат берүү өтүнүчү менен Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун Ички иштер башкармалыгына жиберилген.

 Аламүдүн РИИБден 2020-жылдын 24-августунда келип түшкөн жооп боюнча (№235/7196, 2020-жылдын 2-ноябрында чыгышталган), 24-августта 2019-жылы жашы жете элек А.к.А.нын иши боюнча кылмыш иши козголуп, КЖБР АМСна  № 03-058-2019-004352  менен КР КЖК  161 беренесинин 3  3 бөлүгү боюнча  УК КР катталган. Бирок, сотко чейинки процесстин жүрүшүндө жабырлануучу А.к.Анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлган арыз келип түшкөн, анда ал А.Чекированын өтүнүчү менен башталган сотко чейинки өндүрүштү токтотууну суранып жаткандыгын, т.а. бул факт боюнча эч кандай дооматтар жок, ошондой эле ар кандай айыптоолордон баш тартканы айтылган. Буга байланыштуу, тараптардын элдешкендигине байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Мындан тышкары, Ысык-Ата РИИБдин маалыматы боюнча ( №22-9 / 6724, 02.10.2020-ж. чыгышталган), 2020-жылдын 28-февралында, А.к.А.га карата козголгон кылмыш иши. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын  КЖРБ маалымат  каттоосунда 2020-жылдын 28-февралында № 02-002-2020-004342 менен катталган. Андан ары, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 153-беренесине ылайык, бул фактыны кароо Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Ага ылайык, КР КЖК 164 беренеси боюнча 02.08.2020-ж. № 03-005-2020-000466 КЖРБ АМС катталган.  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин. Андан кийин, 2020-жылдын 16-июнунда, Ысык-Ата РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш токтотулган.  

Андан кийин, КР Акыйкатчы аппараты, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" мыйзамынын 8-берененин 9-пунктуна ылайык,  баланын кызыкчылыгын камсыз кылуунун зарылдыгын жана мыйзамдуулугун сактоо үчүн, "Жетим балдардыy укугуy коргоо" коомдук фондунун директорун, ошондой эле тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун кызматкерлерин, акимдердин орун басарларын, оозеки түшүнүк алуу үчүн ( 2020-жылдын 9, 15, 17- сентябрь) чакырылган.

2020-жылдын 17-сентябрында Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери Б.Тодогелдиевдин сүйлөшүүсү учурунда аталган министрликтин 15-сентябрындагы №48 буйругу менен ушул маселе боюнча комиссия түзүлгөндүгү белгилүү болду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборуна жашы жете элек А.к.А.нын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча мамлекеттик өкүл көрсөтүү жөнүндө кат жөнөткөн. Министрликтин жообуна ылайык, Измайлова Рамиля Хамитовна дайындалган.

2020-жылдын 19-ноябрында Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жашы жете элек А.к.А.нын мындан аркы жашоосу боюнча маселени көзөмөлгө алуу зарылдыгы жөнүндө, ошондой эле аталган маселе боюнча Комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө маалымат берүү өтүнүчү менен кат жөнөткөн.

2020-жылдын 23-ноябрында эгерде "Путеводная звезда " КФсынын директору сотко кайрылса, Акыйкатчы аппараты тарабынан сот процессин көзөмөлдөө жүргүзүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле, ага Аламүдүн районунун тергөөчүсүнүн аракетине укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылуу сунушталган.

2020-жылдын 21-декабрында, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен жооп келип, анда Вице-премьер-министр А.Исмаилованын буйругуна ылайык 15-сентябрда Комиссия түзүлгөндүгү жана анын (Комиссиянын) ишин жыйынтыктоо максатында министрликтен тиешелүү жооптор күтүлүп жаткандыгы маалымдалды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жооп келсе, өтүнмө ээсине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына жөнөтүлөөрү маалымдалган. Ошондой эле министрлик бул маселени чечүү үчүн вице-премьер-министр Ж.Сурабалдиевага кат жолдоду.

 Ушуга байланыштуу Акыйкатчы аппараты ведомстволор аралык комиссиянын вице-премьер-министрдин (А.Исмаилова) көрсөтмөсүнө ылайык түзүлгөндүгүн, ошондой эле жашы жете элек А.к.А укуктарын коргоо жана камсыз кылуу маселеси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көзөмөлүндө экендигин тактоо иретинде билдирет.