Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты төмөнкү бош орундарга чакырат

14/01/2021 - 16:15

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты төмөнкү бош орундар тууралуу  жарыялайт:

- Кадрларды, уюштуруу иштерин жана кызматташтыкты башкаруу бөлүмү-1 штаттык бирдик. (Талаптар - мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү - компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү).

-Катчы 1 штаттык бирдик.  (Талаптар - мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү - компьютердик жана оргтехниканы, керектүү программалык продуктуларды билүү.)

- Айдоочу  1штаттык бирдик.

  • Жарандык-саясый укуктарды, мигранттардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок жактардын жана аскер кызматкерлердин укуктарын коргоо боюнча бөлүмү- (убактылуу, кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү учурунда) (талаптар - жогорку билим, иш тажрыйбасы, мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү - компьютер жана оргтехниканы билүү, керектүү программалык продуктуларды билүү)
  • Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмү- ( убактылуу, кызматкердин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсү учурунда) (талаптар - жогорку билим, иш тажрыйбасы, мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү - компьютер жана оргтехниканы билүү, керектүү программалык продуктуларды билүү)

Керектүү документтер:

- Кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;

- Резюме;

- Өмүр баян:

- дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык күбөлөндүрүлгөн);

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

 Документтер Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү- 120 дареги боюнча, 207-кабинетте кабыл алынат; бардык суроолор боюнча 2021-жылдын 20-январына чейин төмөнкү номерге чалып сураңыз: 66-32-97.