Нарын шаарындагы мектептердин биринде жумуштан кыскартылган мугалимдерге мыйзам чегинде компенсациялар жана жөлөкпулдарды төлөөдөн баш тартышкан

28/01/2021 - 15:51

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Боогачы атындагы орто мектептин мурунку мугалимдери Н.Т., Т.С жана А.Э. кайрылышкан. Билдирүүдө алар КР Билим жана илим министрлигинин 2020-жылдын 19-августундагы No653/1 буйругунун талаптарына ылайык босоголук саат (жүктөм) жетпегендигине байланыштуу, 2020-жылдын сентябрь айында, жумуштан кыскаргандыгын жазышкан. Бирок кыскартылгандан кийин, аларга талап кылынган компенсация төлөнбөй калган, бул боюнча бухгалтерияга кайрылганда, «компенсация төлөнбөйт, тийиштүү акча бөлүнгөн жок» - деп баш тартышкан.

Арызды текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин бир катар беренелери, тактап айтканда, 86-берене (Бошонуу жөлөкпулу), 87-берене (Жумуштан бошогон кызматкерлерге берилүүчү жеңилдиктер жана компенсациялар)  жана 366-берене (Уюмду жоюуга, кызматкерлердин санын же штатты кыскартууга байланыштуу жумуштан бошотулган кызматкерлерге мамлекеттик кепилдиктер ) бузулган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облустук өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Региондук усулдук билим берүү борборунун башчысына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Нарын облусу боюнча аймактар ​​аралык башкармалыктын башчысына кайрылуу жолдонгон.

Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун жообунда,  Ат-Башы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын маалымкаты болгон учурда тиешелүү компенсация төлөнүп берилет деп жазылган.

Ошол эле учурда, Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча региондор аралык башкармалыгынан алынган жоопко ылайык, жогорудагы факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп, акт түзүлүп, Н.Т. Т.С. жана А.Э.   мыйзам чегинде аларга тиешелүү компенсациялар жана жөлөкпулдардын төлөнүшү боюнча эскертме берилгени маалымдалган.

Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) көзөмөлүндө.