Убактылуу кармоо изоляторунда кармалгандарга дааратканага барууга күнүнө 2 жолу гана уруксат берилет

08/02/2021 - 15:10

2021-жылдын 1-февралында Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоо жайында кармалгандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык,  шектүүлөр, айыпталуучулар күн сайын узактыгы бир сааттан кем болбогон сейилдөөгө укуктуу. Бирок Сузак РИИБнүн УКЖда кармалгандар күнүнө эки жолу (10 минуттан) сейилдөөгө чыгышары маалым болгон жана УКЖнын кызматкери М.Сайпидинов да муну тастыктаган. РИИБнүн жоопту кызматкери Асанбеков Чынгыз “Мыйзам боюнча кармалгандар дааратканага баруусуна  күнүнө эки жолу гана сейилдөө учурунда мүмкүндүк берилет” деп билдирген. Бул жагдай кармалган адамдардын таза абага сейилдөөгө чыккан учурунда гана дааратканага барууга мүмкүндүк берилиши адамгерчиликсиз, таш боор  мамилеге жатат.

Ошондой эле убактылуу кармоо изоляторунун аптечкасында дарылардын (валериана экстракты, эуфиллин, кетотифен, диакарб, амоксиклав) колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталып, АКТ түзүлгөндөн кийин жеринде жок кылынган. Мындан сырткары, кармалган жарандар УКЖна киргизүүдө медициналык текшерүүдөн өткөрүү бирдиктүү формага ылайык жүргүзүлбөстүгү такталган.

Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери тарабынан айыпталуучу Ш.Шга дааратканага чыгууга мүмкүндүк берилбегендиктен, кармалгандар тарабынан нааразычылык иретинде  камералардын каалгаларын соккулашкан. Ошондон  кийин гана дааратканага барууга уруксат берилгендигине күбө болушкан.

 Сузак РИИБнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан көзөмөл натыйжасыз жүргүзүлгөндүгү боюнча Сузак райондук прокуратурасына тийиштүү сунуш жиберилген.